Эрдене бий

Эрдене бий ( же Ирдана бий) – 1750–69-жылдагы Кокон хандыгынын башкаруучусу. Эрдене бийдин мезгилинде, Кокон кубаттуу мамлекетке айланган.

1740-ж. пайда болгон кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгүн Эрдене бий менен түштүк кыргыздарынын башкаруучусу кушчу уруусунан Кубат бий улантышып, анын натыйжасында Фергана чөлкөмүнө калмак баскынчылары кире алган эмес. 1855-ж. Кубат бий Цин империясына каршы боштондук кыймыл жүргүзүп жаткан Жусуп Кожонун чакырыгы боюнча Чыгыш Түркстанга кеткенден кийин, 1758-ж. Эрдене бий адыгине уруусунун бийи Ажы менен өнөктөштүк түзгөн. Аталган өнөктөштүктүн татаал саясийкырдаалда чоң пайдасы тийген. 1759-ж. кытай жазалоочулары Кашкардагы көтөрүлүшчүлөрдү куугунтуктап, Фергананын чыгыш тоо этектерине чейин кирип келишкенде, кыргыздардын жана кокондуктардын биргелешкен күчү 9 миң жазалоочунун 7 миңин кырып таштаган жана ошону менен Цин империясынын Орто Азияга карата согуштук экспансиясы биротоло токтолгон. Кийин кыргыздар менен шериктештикти бузуп, Эрдене бий кыргыз жерлерин басып ала баштаган. Адыгине уруусунун төбөлдөрү Чыгыш Түркстан менен соода жүргүзгөн кокондун кербенин тоноду деген шылтоо менен кыргыздардын карамагындагы Ош жана Өзгөн шаарын басып алууну чечкен. 1762-ж. кокондун аскерлери өзгөн кыргыздарына капыстан кол салышкан. Ажы бий жетектеген кол Өзгөндү кармап кала албай чегинген. Андан кийин кокондуктар Ошту алышкан. Кыргыз аскерлери тоого сүрүлүп ташталган. 1764-ж. жазында Э. б. Кожентти басып алууга аракеттене баштаган. Ажы бий Кокон аскеринин Чыгыш Ферганадан чыгып кеткенинен пайдаланып, Ошко кирген. Коркуп кеткен Эрдене бий Коженттинбашкаруучусу Фазыл бек менен тез аранын ичинде тынчтык келишимге келип, негизги күчүн Ошко кайтарууга аргасыз болгон. Кокон аскери кыргыздарга катуу сокку урган. Ажы бий туткунга түшкөн. Бирок көп өтпөй Эрдене бий Ош шаарынан жана анын айланасын башкара албай калган. Анын мураскору Нарбото бий 1780-ж. түштүккыргыздарынын бардык жерлерин каратып алууга жетишкен. Эрдене бий кыргыз тарыхында Кокон хандарынын ичинен түштүк Кыргызстанды басып алууга жол баштаган бий катары белгилүү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)