Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эрмитаж жонундо билип ал

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Эрмитаж жонундо билип ал

Эрмитаж деген эмне? Эрмитаж - Россиядагы дүйнөгө белгилүү эң ири музей. Ал Санкт-Петербургда Неванын жээгиндеги жана Сарай аянтындагы беш имаратты ээлейт. Чындыгында, андагы коллекциялар сансыз көп. Картиналар менен скульптуралар, фарфор жана асыл металлдардан жасалгаң баа жеткис буюмдар - бардык мезгилдерде жана бардык элдерде адам баласынын колунан жаралган баа жеткис чыгармалар бул дүйнөлүк маданият казынасына келген ар бир адамды суктандырбай койбойт. Ал эми мында келүүчүлөрдүн аягы үзүлбөйт, жылына 4 миллионго жакын киши келет! Музей залдарынан ар түрдүү тилде сүйлөгөн адамдарды көрүүгө болот. Эрмитаж 1764-жылы негизделген. Эрмитаж тууралуу маалымат аз болгон. Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин ал падышаларга тиешелүү болгон. Аны саналуу гана адамдар келип көрүп турушкан. Ошондуктан анын аталышы да Эрмитаж - «обочолонгон бурч» деген француз сөзүнөн келип чыккан. Музейдин коллекциясы Россиянын маданий өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген.

Пушкин менен Лермонтов, Белинский менен Гоголь, Достоевский менен Толстой эрмитажды абдан жакшы көрүшүп, аны жогору баалашкан. Петербург сүрөт академиясынын тарбиялануучуларынын көп мууну ар дайым анын залдарынан таалим алып келишкен. Революциядан кийин императордук музей элдин карамагына берилген. Анын коллекциялары үч эседен да артык көбөйгөн. Алгачкы доордун маданияты, Чыгыш өлкөлөрүнүн искусствосу, орус маданиятынын тарыхы сыяктуу жаңы бөлүмдөр түзүлдү. Кышкы сарай бүт бойдон эрмитажга берилип, анын залдарында туруктуу жана убактылуу көргөзмөлөр ачылат.

Азыр Эрмитажда 3 миллионго жакын маданий жана искусство эстеликтери сакталып турат! Музейдин байыркы бөлүмүнөн 250-300 миң жыл мурун байыркы адамдардын колу менен жасалган таш кескичтерди, скифтердин алтындан жасалган кооз буюмдарын көрүүгө болот. Жыл сайын археологдор эчак жок болгон элдердин турмушу жөнүндө маалымат берген баа жеткис жаңы табылгаларды алып келип турушат. Петр 1-нин убагында эле Петербургга бир нече антикалык статуялар алып келинген, анын ичинде Венеранын мрамордон жасалган атактуу статуясы да бар эле. Азыр Жаңы Эрмитаж деп аталуучу имараттын биринчи кабатындагы 25 залда байыркы гректердин жана римдиктердин искусствосунун үлгүлөрү коюлган. Эки мрамор тепкич антикалык залдардан экинчи кабатка алып барат.

Ал жерде Батыш Европа искусствосунун коллекциялары жайланышкан. Мында дүйнөдөгү улуу сүрөтчүлөр Леонардо да Винчи, Рафаэль, Тициан, Рембрандт, Рубенс, Веласкес жана башкалардын чыгармалары бар. Музейге келген балдарды «рыцарь залы» абдан кызыктырат. Анда 15-17-кылымдардагы жоокерлердин курал-жарактары, кийген соот-тулгалары жыйналган. Орус маданиятынын тарыхы (8-19-кылымдар) бөлүмүндө байыркы орус живописи менен скульптураларынын үлгүлөрү, кол жазмалар менен алгачкы басма китептери, турмуш-тиричилик буюмдары, крепостной чебер-усталар жасаган ар түрдүү кооздуктар бар. Өзгөчө Петр 1-нин доорундагы эстеликтер көп. 19-кылымдын 20-жылдарында Кышкы Сарайда түзүлгөн 1812-жылдагы Ата Мекендик согуш галереясы да көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт. Эрмитаж жонундо маалымат аз болсо бизге жазып койгула.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-07-17, Көрүүлөр: 1496, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-07-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо