Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Эсенаманова Калипа

Эсенаманова Калипа – акын. Ак-Талаа районунун М. Баетов айылында 1951-жылы 23-январда туулган. 1968-жылы Ак-Талаа районундагы М. Ломоносов атындагы орто мектепти бүтүргөн. 1970-жылы В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун филология факультетине кирип, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ал окуу жайын бүтүрө алган эмес.

1969–1979-жж. Нарын шаарына караштуу Достук айылындагы №30 кесипчилик техникалык окуу жайында кыздар бөлүмүндө комендант, 1981–1994-жж. Нарын шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу автобекетинде текшерүүчү, 1994–2000-жж. шаардык басмакананын күркөсүндө сатуучу, 2000–2002-жж. "Айтыш" коомдук фондунда, 2002–2008-жж. Кыргызстан Композиторлор союзунун чарба иштери боюнча башчысы болуп иштеген.

1998-жылы алгачкы «Жашоодон үмүт үзүлбөйт» аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.

1979-жылы Нарын шаарына караштуу Достук айылдык Кеңешине депутат болуп шайланган.

1992-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мучөсү.

Жашоодон үмүт үзүлбөйт: Ырлар. – Б.: Изат, 1998. – 94 б.

Чагылгандуу сезимдер: Ырлар. – Б.: Айтыш, 2002. – 48 б.

Ак-Талаа таңы агарсын: Ырлар. - Б.: Бийиктик, 2009. - 328 б.

Жаш досторго: Ырлар. - Б.: Бийиктик, 2009. - 10 б.

Белые ночи в Ала-Тоо: Ырлар. – Санкт-Петербург: Четверг, 2003. – 34-37 б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)