Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эстроз

Баш барак | Ветеринария | Эстроз

Бул кой - эчкилердин мурун каңылжаарында жана мүйүздүү улугунун түптөрүндө богонок чымынынын курттарынан пайда болуучу ылаң.

Ылаңдын козгогучу. Эстроз ылаңын козгогуч мите богоноктун курттары. Алар мурун каңылжаарында жана мүйүздүн түптөрүндө орношуп ошол жерлерде мителик кылышат. Мите бул жерде 9-10 ай бою жайгашып, ошол малдын каны менен тамактанат да чоңое берет. Март, апрель айларынан баштап, өсүп жетилген курт мурун тешиги аркылуу кайрадан сыртка чыгат. Богоноктун курттары жерге түшкөндөн кийин 3-7 сантиметр тереңдикте жерди казып кирип куурчакчага айланат. Андан кийин 19-50 кундун аралыгында чымын болуп учуп чыгат. Ушул учурда алар жынысташкандан кийин караңгы коопсуз жерлерге, тамдын жарыктарына, дөңгөчтөрдүн астына, ар түрлүү жарлардын кычыктарын издеп таап, аларга кирип бекинишет. Өсүп жетилген богонок шамалсыз жана жылуу күндөрдө чыгып койлорду издеп табат да, алардын таноолоруна өздөрүнүн сиркелерин чачат. Сиркелер таноого жайланышкандан кийин түлөп, андан аары ордоп барып майда каңылжаардын жана мүйүздүн түптөрүндөгү көңдөйдөн орун алып, мителик кылышат.

Клиникалык белгиси. Эстроз ылаңына дуушар болгон койлор бышкырып, жайылган койлордон артта калат, оттобойт, бир орунда эле тегерене берет. Таноолорунан кан аралаш былжыраган суюктук агып, көздөрүнөн жаш куюлат.

Дарылоосу. Эстроз ылаңына каршы чара богоноктун өздөрүнө жана анын курттарына каршы багытталышы керек. Сентябрь-ноябрь айларында дарылоо керек. Теринин алдына 1%дуу ивомек, дектомакс 0,2мл 10 кг салмакка сайылат. 5%дуу фасковерм же ронелол 1мл 10 кг салмакка сайылат.

Алдын алуу чаралары. Эстроз менен күрөшүү үчүн комплекстүү иш чаралар көрүлүүгө тийиш. Ар бир койду текшерип, ооруган койлорду алдын ала дарылоо зарыл. Өлгөн койлордун митесин жок кылуу керек. Жумасына эки жолу койлор жаткан жерлерди, тамдын кычыктарын тазалап, дезинфекция жүргүзүү керек.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1151, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу