Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Евклид

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Евклид

Евклиддин өзү жөнүндө дээрлик эч кандай маалымат сакталбай калган. Ал биздин заманга чейинки 3-кылымда Александрия шаарында илим изилдеген адам болгондугу белгилүү. Ошондой эле ал Александрия мектебинин биринчи математиги экендиги да маалым. Ошентип, биз Евклид аттуу адам жөнүндө, анын өмүр жолу жөнүндө дээрлик эч нерсе билбейбиз. Бирок андан бери эки миң жыл өтсө да, силер Евклид негиз салган геометрияны мектепте окуп жатасыңар. Евклидге чейин геометрия анча тартипке келтирилбеген илим болгон. Евклид болсо анын бардыгын кайта иштеп чыгып, так ыраатка салган. Анын жаңы илими эч кандай далилдөөнү талап кылбаган эң жөнөкөй жоболордон - аксиомалардан башталып, андан ары бул илимдин эң сонун ырааттуу теоремалары биринен кийин бири берилген.

Ар бир теореманын далилдениши мурда далилденген теоремаларга негизделген. Мындай илимди окуп үйрөнүү оңой болду. Адам бул илимдин сырларын үйрөнүүдө улам жогорулатуучу тепкич менен акырындап көтөрүлгөн сыяктуу болот. Башка илимдердей эле, геометрия да тынымсыз өркүндөөдө. Бирок бизге кылымдардын туңгуюгунан, геометриялык теоремалардын улуу шатысынын башталышынан байыркынын Евклид аттуу мыкты илимпозу элестеп турат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1922, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу