Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Европа аралы

Европа аралы - Франциянын ээлиги (1897-жылдан). Инди океанындагы Мозамбик кысыгында жайгашкан. Аянты 28 чарчы/чакырым. Туруктуу жашаган калкы жок. Аралда анча чоң эмес аскер гарнизону жана метеостанция бар. Кийинчерээк станция автоматташтырылып, анда иштеген кызматкерлер өз мекенине кайтышкан. Убактылуу жай мезгилинде гана иштеген (уз. 1 чакырым) аэропорту бар. Табигый ландшафты өзгөрбөй сакталган арал. Ал мангр токою менен капталган. Кокос пальмасы көп өсөт. Улуттук корук. Жапайы эчки кездешет. Океандан аралга миңдеген жашыл таш бакалар чыгып, жумурткалайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)