Фольклор

Фольклор (анг.— элдик акылмандык, элдик билим) — элдик оозеки чыгармачылык. Жалпы эле көркөм адабият элдик оозеки чыгармачылыктан жана жазма адабияттан турат. Мына ошол элдик оозеки чыгармачылык 1847-жылы англиялык окумуштуу В. Томстун сунушунан кийин фольклор деп аталат. Бул сөз англис тилинде «элдик билим, акылмандуулук» деген маанини билдирет. Фольклордо элдин тарыхы, улуттук белгилери, карым-катнаштары, психологиялары, турмуштук түшүнүктөрү оозеки баяндалган. Мындай чыгармаларда элдин ушундай болсо деген идеялары, үмүт-тилектери, кызыгуулары чагылдырылып, элдүүлүк мүнөзү күчтүү өнүккөн. Фольклордук чыгармалардын жазма адабияттан негизги өзгөчөлүктөрү булар:

Мына ушул белгилери менен фольклор жазма адабияттан айырмаланып турат, өз кезегинде фольклордук жанрлар, ой жүгүртүүнүн ушундай оозеки формасы, фольклордук образдар, сюжеттер, сүрөттөө каражаттары жазма адабиятка таасирин тийгизет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)