Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Фотоаппарат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Фотоаппарат

Көп үй-бүлөлөрдө фотоаппарат бар. Фотография биздин турмушубузда эбактан бери эле зарыл нерсеге айланган. Алар окуялардын же кубулуштардын элесин сактоого, өткөндү эскертүүгө жардам берет. Фотографияны ар түрдүү кесиптеги адамдар: окумуштуу, инженер, картографтар өтө кеңири пайдаланышат. Көркөм фотография - сүрөт өнөрүнүн өзгөчө түрү. Плёнкага сүрөт кантип түшүрүлөт? Фотоаппараттын ичине плёнкасы бар кассета орнотулат. Анын артында же үстүндө атайын тешикчеси - көрүнүш-издегичи (видоискатель) болот. Ал аркылуу тартылуучу көрүнүш же буюм даана көрүнөт.

Жакшылап мээлеп туруп, баскычын акырын басып коюу керек. Чырк! Жарыкты тосуп турган тоскоол ачылат. Жарык нуру фотоаппараттын айнек көзү - объектив аркылуу өтөт. Жарык нуру жарык сезгич плёнкага силер мээлеген буюмдун же көрүнүштүн сүрөтү түшүрөт. Андан кийин плёнка химиялык атайын заттар менен иштетилип андагы сүрөт өңүнө чыгарылат. Ошондон кийин гана плёнкада сүрөт пайда болот. Ал пайдаланылган плёнкага байланыштуу кара - ак же түстүү болушу мүмкүн. Плёнкаларды ар түрдүү жолдор менен да иштетүүгө болот.

Кээ бир плёнкаларга негатив - ак жери кара, кара жери ак болгон сүрөт түшүрүлөт. Ак булут, кар, тиштер көздүн агы көмүрдөй кара түстө болот, ал эми кара чач, өтүк, жер ак түстө болот. Мындай сүрөт фотография сүрөттөрдү түшүрүп алуу үчүн керек. Сүрөттө кайрадан агы ак, карасы кара болуп түшөт. Башка кээ бир плёнкаларга иштетүүнүн татаалыраак жолдору аркылуу адегенде эле көрүнүштүн же буюмдун так өзүндөй сүрөтүн түшүрүүгө болот. Мындай плёнкаларды экрандан көрсөтүүгө болот. Алар диапозитив же слайд деп аталат. Көбүнчө түстүү слайддарды жасап чыгарышат. Мына мунун баары өткөн кылымдагы фотоаппараттарга тиешелүү.

Ал эми азыркы фотоаппараттар абдан саркеч келип, кичинекей аппаратта бир нече ондогон фунцияларды камтыйт. Сүрөт санариптик түрдө болуп мурдагыдай плёнкага эмес, электрондук эс тутумга (флэш карта) жазылат. Эгер мурда плёнкаларга 36 эле сүрөт тартууга мүмкүн болсо, азыркы электрондук эс тутумга 100 миңден ашык сүрөт тартуу мүмкүн. Көлөмү жагынан да азыркы фотоаппараттар абдан айырмаланат, эгер өткөн кылымдын фотоаппараттарынын салмагы 500граммдан 15-20 килограмга чейин болсо, азыркы фотоаппараттардын эң чоңунун салмагы 1килограмга жетпейт. Ал эми эң женили 10 эле грамм. Айтмакчы азыркы фотоаппараттар видео кадрларды дагы тартуу мүмкүнчүлүгү бар. Кээ бир фотоаппараттар ушунчалык саркеч болуп, радио, интернет, музыкалык плеер, видео камера, GPS, Bluetooth, Wi-Fi, маалымат сактагыч, фотостудия функцияларын камтыйт. Сүрөттү чыгаруу процесси болсо ушунчалык тез болуп, жаңы тартылган сүрөттү 2-3 мүнөттө эле чыгарып алууга мүмкүн.

Сайтка жарнама жайгаштыруу