Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Галан Ярослав Александрович

Галан Ярослав Александрович 14 (27) 7. 1902, азыркы Польшадагы Дынов деген жерде 24.10.1949, Львов украин жазуучусу, публицист.1923-28-ж. Вена жана Краков университтеринде окуган. Камакта (1934, 1937) отурган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында фронттук гезиттерде, радиодо кабарчы болгон. Украина жөнүндөочерк, аңгемелерди, ошондой эле антифашисттик жана антиклерикалык памфлеттерди («Шайтандын кызматында», 1948, «Наадандыктын атасы жана анын жан-жөкөрлөрү», 1949) жазган. Ал «Этенгеймдик Дон Кихот» (1926-27), «99%» (1930), «Ячейка» (1932), «Таң алдындагы махабат» (1949) пьесаларынын автору. «Тандалмалар» жыйнагындагы памфлеттери үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1952, өлгөндөн кийин).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)