Галдан-Бошокту Хан

Галдан Бошокту (калм. Һалдан-Бошгт, монг Галдан-Бошигт хаан, орус маалыматтарында Голдан, Калдан, Кегень-кутухта, 1644-13.3.1697) - Жуңгар (ойрот) хандыгынын ханы (1671-1697).
Эрдене Батур коңтаажынын он уулу болуп, Волга жээгиндеги калмак ханы Өрүлүктүн (Хо-Урюлук) Умагач деген кызынан Сенге менен Галдан Бошокту туулган. Эмчи Габан-Шарабтын маалыматы боюнча тирүү кезинде Батур коңтаажы хандыгын экиге бөлүп, бирин Сенгеге, калганын сегиз уулуна энчилеген. Галдан жаш кезинде Тибеттеги диний монастырга жеткирилгендиктен, хандык мурастан кур калган. Көп өтпөй Далай-Ламанын колунан кутукты (кечилдин бир даражасы) наамын алган. 1670-ж. Чечен (Цецен) тайшы башында турган бир туугандары Сенгени өлтүргөндөн кийин, Далай-Ламанын уруксаты менен кечилдик кызматын таштап, Жуңгарияга кайткан. Агасын өлтүрүүгө катышкан бир туугандарын жазага тартып, 1671-ж. бийликти өз колуна алган. 1676-1677-ж. Чыгыш Жуңгариядагы Сокур (Чохур), Көчүрдү (Очирту Чечен хан) тайшылардын колун талкалап, 1678-1679-ж. Галдандын аскери Чыгыш Түркстан жана Сыр-Дарыянын жээгине чейин жеткен. 1679-ж. Далай Ламанын колунан "Бошокту" ("бейпил", "берекелүү") деген наам алып, тарыхта "Галдан Бошокту хан" деген ат менен таанылып калган. "Тарих-и Амнийа"нын автору Молдо Муса бен Молдо Айса – кожо Сайрами боюнча 1680-ж. Галдан Бошоктунун аскери Ташкентти чаап, 1684-ж. Орто Азияга кайрадан жүрүшкө чыккан. Сайрам шаары толук талкаланган жана тирүү калгандын баары туткунга алынып, Жуңгарияга айдалып кеткен. 1688-ж. Галдан Бошокту башында турган калмактар Халхага жетип, Тушету хандын ээлигин өзүнө караткан. 1690-жылдан Цин империясы менен мамилеси курчуп чыккан. 1690-1697-ж. Олокой көлү ж. б. сыяктуу бир нече жолку салгылашуулардан кийин Төрөлжү суусунун боюнда цин аскеринен жеңилип, катуу оорудан (кээ бир маалыматтарда уу ичип) каза болгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)