Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гапар Айтиев (1912-1984)

Баш барак | Биографиялар | Гапар Айтиев (1912-1984)

Көз алдыңа элестетип көрчү. Күкүктөнүп аккан чоң сууну жээктеген жол менен капчыгайды өрдөп атчан кетип бара жатасың. Оң тарабында да, сол тарабында да чокусу асман тиреген сүрдүү тоолop. Бетинде бир чым-чым карасы жок мелтиреген жапжашыл күнгөй тоосун көз тоё карап болуп, оң тарабына көз чаптырсаң, карагайы жыш ажайып көрүнүшкө кабыласың. Ошондо ушул керемет көрүнүштүн сүрөтүн тартууну эңсейсиң, сүрөтчү болуп калбаганына өкүнөсүң. Сүрөтчүлүк - бул чоң өнөр, аны үйрөнүү үчүн атайын билим алуу керек. Андан кийин көп-көп сүрөт тартып талыкпай эмгектенүү зарыл. Кыргыздын белгилүү сүрөтчүсү Гапар Айтиев бала кезинен сүрөт тартууга шыктуу болгон. Ал сүрөтчү болсом деген тилегине жетүү үчүн Москвадагы сүрөт окуу жайына кирип окуган.

Адегенде портрет тартууга кызыккан. Анын "Атанын портрети", "Түштүк кызы" деген туңгуч чыгармалары ошондо эле көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Туулуп-өскөн жеринин сулуулугу аны чексиз сүйгөн сүрөтчүнү кайдыгер калтырган эмес. Ал бара-бара тоо арасындагы малчылардын, талаада эмгектенген дыйкандардын арасында көп болуп, кыргыз жерин, анын эмгекчил элин даңазалоонун үстүндө иштей берген. "Көлдөгү кайык", "Боз үйлөр", "Фронттон кат", "Пахта терүү" деген пейзаж сүрөттөрү анын келечегинен көптү үмүттөндүргөн. Андан кийин "Жумгал өрөөнүндө", "Жайлоодогу чак түш", "Тоодогу кеч", "Кыштак четинде", сыяктуу мыкты сүрөттөрдү тарткан.

Сүрөтчү "Чабандар", "Ысык-Көл - кыргыз деңизи" аттуу сүрөттөрү үчүн Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Айтиевдин пейзаж жанрындагы чыгармалары абдан көп. Анын сүрөттөрү 1934-жылдан бери республикалык, союздук, эл аралык көргөзмөлөргө коюлуп келе жатат. Айтиевдин кыл калеминен жаралган чыгармаларын Москвадагы жана шериктеш республикалардын сүрөт музеилеринен көрүүгө болот. Кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, СССР эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин сүрөт өнөрүнө кошкон салымы жогору бааланып, ага Социалисттик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наам берилген жана орден, медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 4756, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо