Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гарибальди Жузеппе (1807-1882)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Гарибальди Жузеппе (1807-1882)

Ал Ницца шаарында моряктын үй-бүлөсүндө туулган. Он үч жашында юнга (жаш матрос) болуп деңизге кетип, жыйырма беш жашында капитан болгон. Бирок күнгө тотуккан сары чач капитанды кеменин жүгү же деңиздин каардуу толкундары эмес өз өлкөсүнүн тагдыры тынчсыздандырган. Ал кезде Италия азыркыдай бирдиктүү мамлекет эмес эле. Өлкө майда княздыктарга жана королдуктарга бөлүнүп, алардын кыйла бөлүгүн австриялыктар басып алган. Баскынчыларга каршы жашыруун кутумдар уюштурулуп, көтөрүлүштөр чыгып турган. 1834-жылдын кыш айы эле. Байыркы порт шаар Генуянын көчөсүндө австриялык солдаттар кезектеги ийгиликсиз көтөрүлүштүн катышуучуларын өлүм жазасына айдап баратышты. Бирок көтөрүлүшчүлөрдүн эр жүрөк жетекчиси - капитан Жузеппе Гарибальди алардын арасында жок эле: ал Түштүк Америкага кетип калууга үлгүргөн. Өзү жок болсо да ал сыртынан өлүм жазасына буйрулган.

Он төрт жылдан кийин Түштүк Америка республикаларынын көз карандысыздыгы үчүн активдүү күрөшүүчү, атактуу полководец Гарибальди өз жергесине кайтып келген. Аны менен бирге өзүндөй эле куугунтукта жүргөн 63 революционер, ишеничтүү жолдоштору кошо келишет. Аларды өлкөнү бириктирүү жана көз карандысыздык үчүн кандуу күрөш кайрадан күтүп турган эле: Италиянын бүткүл эли колуна курал алып күрөшкө чыгышат. Бул оор салгылаш 20 жылча созулган. Гарибальдинин ысымы революцияга берилген жаштарды өзүнө тарткан. Гарибальдичилер жеңилип калган күндө да өздөрүн жеңилдик деп эсептешкен эмес. Сакалчан, узун бойлуу Гарибальди башына жазы кырдуу калпак, кызыл койнок кийип, мексикалык боз плащ жамынып, кармаштын чордонуна атчан качырып киргенде душмандар коркконунан калтырап калышчу экен. Гарибальди бир нече салгылашта австриялыктарды жеңип чыгып, Италия дээрлик бошотулат. Бирок Түштүк Италия менен Сицилия дагы эле Неаполь королунун бийлигине кала берген.

Сицилиялыктар королдук бийликке каршы көтөрүлүшкө чыгат. Гарибальди сицилиялыктарга жардам берүүгө шашылат. Ал ыктыярдуу миң жоокер алып, душмандын кемелеринин мөндүрдөй жааган огу астында тоолуу Сицилия аралына келип түшөт. Ажыдаардын оозуна өзү баргандай көрүнгөн бул баатырлардын жүрүшүнө дүйнө жүзү кулак түрүп, Сицилиянын карапайым калкы бардык жердегидей эле Гарибальдини зор кубаныч менен тосуп, анын отрядына кошулат. Король Сицилиядан, андан кийин Түштүк Италиядан куулат. Гарибальди Италиянын биригишин, Италия республикасынын түзүлүшүн каалаган. Италия бирикти, бирок кайра түзүлгөн Италия мамлекети Гарибальди эңсегендей республика болгон эмес.

Гарибальди буга абдан өкүнгөн. Эл үчүн жанын аябаган эр жүрөк Жузеппе Гарибальдинин ысмы мекенди, эркиндикти жана адилеттикти сүйүүнүн символу болуп калды.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2213, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу