Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Газ

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Газ

Адатта көгүш жалын чыгарып газ плиталарында күйүүчү метанды газ деп аташат. Ал жер астындагы газ кендеринен алынат. Газ кендери өзгөчө Орто Азия менен Сибирде көп. Зыяндуу кошулмаларынан тазаланган газ түтүк аркылуу завод, турак жайларга жиберилет. Мындан тышкары кээ бир мунай скважиналарынан да газ чыгат. Таш көмүрдү жана сланецти-күйүүчү ташты кайра иштетүү жолу менен да газ алууга болот. Химиктер газдан кездеме токулуучу синтетикалык жиптерди, тез бузулуучу азыктарды сактоо үчүн баштыкча, башка көп нерселерди жасашат. Бирок газ - метан эле эмес. Биз дем алуучу кычкылтек да газ. Кычкылтек болбосо бир тал ширеңке да күймөк эмес. Металлды тез эритүү максатында домна жана мартен мештери да кычкылтек менен үйлөтүлөт.

Газдын дагы бир түрү - көмүр кычкыл газ, ал биз ичип жүргөн газдуу сууга кошулуп, жакшынакай даам берет. Газдын түрлөрү көп. Мисалы, аба бир нече газдан турат. Газдын негизги касиети - бош орунду дароо ээлеп алуусу. Эгер насос менен бөтөлкөдөгү абанын жарымын сордуруп алса, калган газ бөтөлкөнү бирдей тыгыздыкта толтурат. Газ адамга абдан көп пайда келтирет! Кысылган аба жерде автомобилдин дөңгөлөктөрүнө толтурулса, космосто болсо бактан ракетанын кыймылдаткычтарына отун жиберет. Аба пневматикалык клапандарын башкарат, устакананын көөрүгүнө от үйлөйт.

Музыкалык үйлөмө аспаптардан добуш чыгарат, сууда жел кемени айдайт. Ар кандай жарнамалар жазылган түтүктөр ар түркүн газ кошулмасы менен толтурулат, газ лазеринде жарыктын күчтүү агымы пайда болот. Ксенон газы менен фото жарыгынын лампаларынын колбасы толтурулат. Криптон газы электр лампаларындагы кызыган зымды күйүүдөн сактап турат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2382, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу