Гелий - (Helium), Не элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы химиялык элемент. Катар н. 2, ат. м. 4,003, тыгыздыгы 0,178. 1895-ж. англ. химик У. Рамзай клевеит мпнералынан бөлүп алган. Жер кыртышында массасы боюнча 3'10-7%тп түзөт. Абада көлөмү боюнча 0,0005% , жаратылыш газында 10%ке чейин кезигет. Ал космосто кеңири таралып, Күн, жылдыз атмосферасында жана метеориттердин курамында жолугат. Жаратылыш гелийи эки туруктуу пзотоптон (4Не, 3Не) турат. Кадимки шартта түссүз, жытсыз, бир атомдуу инерттүү газ, кайноо t 268,93°С. Кадимки басымда суюк гелий канчалык муздатса да катпайт. Жогорку басым алдында гана катууланат. Гелийдин атому ядродон жана эки электрондон турат. Иондошуу потенциалы бардык башка элементтердикинен чоң. Өнөр жайда жаратылыш газдарын өтө муздатуу жолу менен алынат, металл иштетүүдө, тамак-аш консервалоодо инерттүү чөйрө түзүү, өтө төмөнкү темпра алуу үчүн жана атомдук энергетикада, физикалык лабораторияда колдонулат.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер