Географиялык ландшафт

Географиялык ландшафт — географиялык кабыктын аймак боюнча бөлүнүшүнүн негизги категориясы, физикалык географиянын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Анда табият компоненттери жана жергиликтүү чакан геосистемалар өзара тыгыз байланышта болуп, бирдиктүү системанын бөлүктөрү катары өнүгөт. Негизги компоненттери (рельеф, климат) бирдей болгондуктан, ландшафтка мүнөздүү өсүмдүк-топурак кыртышынын тиби да, ал аймакта бир түрдүү болуп, көп учурда басымдуулук кылат. Географиялык ландшафт геосистемалар иерархиясынын (баскычтарынын) бир деңгээли, ал региондук (аймактык) жана локалдык (жергиликтүү) геосистемалар бири-бирине жанашкан жерде болот, башкача айтканда ал — региондук геосистемалардын эң төмөнкүсү, ошол эле учурда эң ири локалдык геосистема. Бир жагынан географиялык ландшафтты жер бетинин региондук (зоналуулук-азоналуулук факторлордун таасири астында) бөлүнүшүнүн (дифференциациясынын) натыйжасы катары түшүнүлсө, ошол эле учурда аны жергиликтүү чакан геосистемалардын өзара аракеттеринин натыйжасында биригүүсү (интеграциясы) катары кароого болот. Географиялык ландшафттын аймагындагы жергиликтүү чакан геосистемалар көп учурда улам кайталанган түрдө кандайдыр бир ырааттуулукта жайгашат. Негизги компоненттери, ошондой эле басымдуулук кылган топурак-өсүмдүктөрү бирдей болгондуктан, географиялык ландшафтты табигый бирдейликтин (биртүрдүүлүктүн) эталону (үлгүсү) катары кароого болот. Ошондуктан географиялык ландшафт физикалык-географиялык аймактык изилдөөлөрдүн негизги бирдиги, башкача айтканда аймактарды физикалык-географиялык жактан изилдөө алардын ландшафттарын үйрөнүү болуп саналат. Жерди сырткы түрүнө жараша ландшафттарга бөлүштүрүү 19-кылымдан башталган. Географиялык ландшафттын биринчи илимий аныктамасы Л. С. Бергге тиешелүү (1913). Ал географиялык ландшафтты географиялык изилдөөнүн негизги объектиси, жер бетинин түзүлүшү, климат, топурак, өсүмдүктөр жана башка сыяктуу кубулуштардын гармониялык айкалышын көрсөтүүчү өзүячө табигый чеги бар географиялык бирдик катары караган. Л. С. Бергден кийин бул түшүнүктү 20-кдын 30—40-жылдары Л. Г. Раменский, А. А. Григорьев, С. В. Калесник, Н. А. Солнцев, В. Б. Сочава жана башка өөрчүткөн. Кыргызстанда тоолуу жана түздүктүү аймактардын ландшафттарын изилдөөдө Э. К. Азыкова, Р. Р. Криницкая, С. Б. Байгуттиев, Т. Н. Кулматов, М. Кадыркулов, К. Матикеев, Б. Орозгожоев жана башка салымын кошкон. Адабият: Исаченко А Г. Ландшафтоведение и физикогеографическое районирование. М., 1990. Т. Кулматов.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)