Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Геометрия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Геометрия

Июнь айында Египеттин асманынан жарык жылдыз - Сириус көрүнөт. Адатта бул күнү Нил ташкындап, жээкке жакын талааларды каптай баштайт. Анан суу тартылып, акырында Нил мурдагы нугуна түшөт. Мындан 5-6 миң жыл мурда ушундай болгон. Анда суу тартылаары менен кургап бүтө элек жээкке жип, таяк кармаган кишилер келишчү. Ар кайсы жерде талаш чыгып, урушкан үндөр угулчу. Себеби ташкындаган Нил ар кимге тийиштүү жердин чегин жууп кетчү да, ташкындан кийин жерди кайра ченеп, бөлүүгө туура келген. Жеринин аянтына жараша жер ээси фараондун казынасына салык төлөгөн.

Бирок жерди ченеп бөлүү да оңой-олтоң иш эмес эле, себеби суунун жээги ийри-муйру болгондуктан участкалардын чегарасы түз сызык эмес, сынык сызыкты түзгөн. Ошондуктан мындай жерди төрт бурчтук, үч бурчтуктарга бөлүп ченөө адаты пайда болгон. Эзелтен эле адамдар жердин аянтын гана эмес, ар кандай нерселердин көлөмүн да эсептеп чыгарышкан. Ошол эле Египетте кулдардын күчү менен зор таш пирамидалар - бийлик ээлеринин мүрзөсүнө коюлган эстеликтер курулган. Кулдар канал, плотиналарды куруп, дөбө жасашкан. Аларды жерге туура жайгаштыруу үчүн фигураларды туура түзүү гана эмес, алардын аянтын да эсептеп чыгуу зарылдыгы туулган.

Пирамиданын өзүнүн же канал куруу үчүн казыла турган топурактын да белгилүү бир көлөмү болот. Ошондуктан пирамидага канча таш кетерин, каналды куруу үчүн канча топурак казылып алынарын билүү, анын көлөмүн эсептеп чыгарууну үйрөнүү керек болгон. Чачылма жана шорголомо заттар жана суюктуктар - ун, дан, өсүмдүк майы, вино - чоң карапа идиштерде сакталган. Мындай идиштердин көлөмүн да билиш керек болгон. Мына ушул турмуштук муктаждыктардын бардыгы геометрия илиминин (грекче геометрия - жер ченөө) өнүгүшүнө түрткү болгон. Бирок ошол убакта эле геометрияга жер ченөөдөн башка да көп маалыматтар кирген. Андан бери миңдеген жылдар өттү. Адамдын жашоосунда да, эмгегинде да геометриянын мааниси абдан кеңейди, илимдин өзү да өстү: нечен муундун илимпоздору аны маанилүү маалыматтар менен толуктады.

Азыр геометрия илиминин пайдасы тийбеген бир да кесип жок десек болот. Шаарлар жана плотиналар, автомобиль жолдору жана гидростанциялар курулуп жатат, татаал машиналар чыгарылып, жылдыздуу асман изилденет, деңиз, океандарда сүзүп жүрүшөт, космос кемелеринин учуу жолдору эсептелет... Мына ушул иштердин бардыгында фигуралардын формаларын жана ээлеген ордун изилдөөчү илим - геометрия сөзсүз керек.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 653, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу