Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Герб

Герб (Пол. herb, нем ezbe – мурас) – символдук мааниге ээ эмблема, мураска таандык айырмалуу белги. Г. мамл-ке, жерге таандык (шаардык, облустук, аймактык), уруулук, корпорациялык болуп бөлүнөт. Г. монета (тыйын), о. эле өз менчиги экендигин белгилөө үчүн архитектуралык курулуштарга, үй эмеректерине, курал - жарактарга, искусство чыг-на, кол жазмаларга, китептерге түшүрүлөт. Байыркы дүйнөнүн монеталарында, медалдарында, мөөрлө-рүндө дайыма кайталанып түшүрүлүүчү эмблемалар алгачкы Г-дин жаралышын шарттаган.

Б. з. ч. 3-миң жылдыкта көпчү-лүк мамл-тердин Г. арстан баштуу бүркүт түспөлүндө болгон. Россияда 12-к-да шаарлардын көбүнүн (Москва, Новгород, Псков ж. б.) Г. болсо, дворяндардын алгачкы Г. 16–17-к-да пайда болуп, 18-к-да кеңири тарала баштаган. СССР мезгилинде Совет мамл-нин расмий эмблемасы ж - а анын курамындагы 15 союздук респ-лардын да өздөрүнө таандык расмий эмблемалык белгилери болгон. Кыргызстан эгемендүү-лүккө ээ болгондон баштап анын мамл. атрибуттары да (Г., гимни, желеги) жаңыланды. Кыргыз Респ-нын мамл. Гербин респ-нын Жогорку Кеңешинин токтому м-н 1994-ж-дын 14-январында кабыл алынган (анын авторлору – сүрөтчү А. Абдыраев м-н милициянын генералы С. Дубанаев). Г. тегерек формада болуп, чекебели пахта ж-а буудай талдары м-н курчалган, Г-дин жогорку ж-а төмөнкү бөлүгүндө «Кыргыз Республикасы» деген жазуу бар, алдыңкы планда канатын жайган тоо бүркүтү, арткы фондо көгүш түстүү чалкыган көл, жээги ак чокулуу Алатоолор м-н курчалып, тоо башында күн нурларын чачыратып чыгып келатканы чагылдырылган.

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)