Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Герoдот Галикарнастык

Герoдот Галикарнастык байыркы грек тилинде Ἡρόδοτος Ἁλικαρνᾱσσεύς, б. э. ч. 484-жылдар чен, Байыркы Греция, Галикарнас шаары – б. э. ч. 425-жылдар чен, Македония (же Калабрия) аймагы, Пелла (же Фурии) шаары – байыркы грек тарыхчысы, адамзаттын тарыхында алгачкы «Тарыхтар» (башкача айтканда «Музалар») деген толук масштабдуу тарыхый трактаттын автору. Цицерон аны «тарыхтын атасы» деп атаган. Геродоттун эмгеги байыркы дүйнөнүн маданиятына өтө зор роль ойноп, анын ичинде Улуу Скифиянын (байыркы грек тилинде Σκυθία) тарыхын окуп-үйрөнүүдө өтө маанилүү жана эң башкы булактардын бири болуп саналат. Галикарнаста тирандык башкаруу орнотулгандан кийин Герoдот мекенин таштап, Самос аралына кетүүгө мажбур болуп, кийинчерээк Кичи Азия, Вавилон, Финикия, Египет, Балкан жарым аралы жана Кара Деңиздин түндүк жээктерине ж. б. жерлерге саякат жасап, скифтер (сактар) жөнүндө маалымат жыйнаган. Геродоттун 9 томдон турган «Тарыхтар» деген эмгегинин биринчи бөлүгү Перс падышачылыгынын күч алышы, Вавилон, Ассирия, Египет, Ливия, Скифия сыяктуу ж. б. өлкөлөрдүн тарыхына арналган. Экинчи бөлүгүндө грек-перс согуштарын (б. э. ч. 499–449) камтып, б. э. ч. 479-ж. эллиндердин Геллеспонт жарым аралындагы Сеста шаарын алышы менен аяктайт. Эмгекте көбүнчө ошол мезгилде Кичи, Түндүк-Батыш, Борбордук Азияда жашаган элдер менен мамлекеттер тууралуу географиялык, этнографиялык жана тарыхый материалдар арбын жолугат. Кыргызстандын аймагын байырлаган байыркы уруулар сактар жөнүндө бай маалыматтар чагылдырылган: Геродоттун маалыматы боюнча Скифтердин өлкөсүндө жашаган биринчи адам Таргитай болуп, андан Липоксаис, Арпоксаис, Колаксаис үч уул туулган жана Липоксаистен ахват, Арпоксаистен катиар, траспий, Колаксаистен паралат уруулары тарайт. Кийинки окумуштуулар бул аталыштар түрк тилине тийиштүү экенин далилдөөгө аракет жасап жатышат. Мисалы, лингвист Ю. Н. Дроздов Таргитай байыркы түрк тилиндеги «таруу» («тарыг») деген сөз менен байланышып, ал «жер иштеткен уруулар», Арпоксаис «арпа» + «ак сөөк» = «жер (айдоо) ээси» деген маани бере турганын көрсөтөт. Геродот боюнча скифтер жалпы жонунан өзүлөрүн «сколоттор» (азыркы түркологдордун пикиринде «ас-ак-олыты» же «ак астардын улуу уруусу»), б. а. «ак сөөктөр» деп аташса, перстер аларды сактар деп атаган. Скифтер түзгөн бекем саясий биримдик перс падышасы Дарий I менен атаңдашууга мүмкүнчүлүк берген. Эмгеги: Геродот. История в 9 кн. /Пер., предисл. и указатель Ф. Г. Мищенко. В 2 т. М., 1885—1886.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)