Гипертрихоз жана гипертрофия

Гипертрихоз (түктүүлүк) — дененин айрым жерлеринде жумшак түктүн ордуна узун, катуу түктүн ашыкча өсүшү. Түктөр айрым жерге же жайылып өсөт. Жайылган Г. тукум куума мүнөздө болушу мүмкүн (айрым чыгыш элдеринин эркектеринин көбү түктүү келет). Айрым жердеги түктөр түрдүү таасирден (түктү дайыма искек менен жулуу, кыруу же пемза менен сүрүү), ички секреция бездеринин иши бузулгандан (аялдарда сакалмуруттун өсүшү) болот. Түк өтө көбөйүп кетсе врачка кайрылып, анын себебин табуу зарыл. Түктү убактылуу түшүрүүчү каражатты өз алдынча колдонууга болбойт.

Анда түк күчөп өсөт, дерматит пайда болушу мүмкүн. Г-ду дарылоо врачтык-косметикалык кабинетте гана жүргүзүлөт. Гипертрофия — дененин айрым бөлүгүнүн же органынын чоңоюшу. Г. органдын клетка жана ткандарынын чоңоюшунан же алардын саны көбөйүшүнөн болот. Чыныгы жана жалган Г. болуп айырмаланат. Чыныгы Г. ошол органдын функциясынын күчөшүнөн, ошондой эле нерв же эндокрин системасынын жөнгө салуучу таасиринин бузулушунан болот.

Жумушчу Г. же физиологиялык Г. дени соо, күч эмгеги менен иштегендерде, спортсмендерде (мисалы, атлеттердин булчуңунун Г-сы), ошондой эле кандайдыр бир органдын бөлүгү жабыркаганда (мисалы, жүрөк кемтигинде) же жуп органдын бирөө бузулганда (мисалы, бөйрөктүн Г-сы) болот. Жумушчу Г-нын бардыгында бузулган функция толукталып (компенсацияланып) турат. Нейро-эндокриндик бузулуудан болгон Г-га акромегалия, гинекомастия кирет, бул учурда ошол орган же ткандын функциясы бузулат. Жалган Г. ткань аралык заттын, көбүнчө май тканынын өтө көбөйүшүндө, өсүшүндө, паренхиманын атрофиясында болуп, демейде бул органдын функциясы бузулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)