Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Глинка Михаил Иванович (1804-1857)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Глинка Михаил Иванович (1804-1857)

Өмүрүңөрдө силер илим дүйнөсү жана искусство байлыктарына туш келесиңер. Улут орус композитору М. И. Глинканын кереметтүү музыкасы менен да таанышасыңар. Тыңдагылачы? Оркестрде ойноочулар аспаптарын күүгө келтирип жатышат. Күлкү токтолду. Мына майрамдык Балдар полькасынын коштоосу менен баары балатыны тегерене чымын-куюн болуп бийлеп жөнөштү. Балким силерге композитор күнөстүү талаадан угуп алып жазгандай торгойдун мукам добушу жагаар, же көңүлүңөрдү ыкчам жол ыры бийлеп алаар... Бала чагында Глинка саякат жөнүндөгү китептерди көп окуган.

Композитор болгондон кийин көп жерлерди кыдырган. Ошондуктан анын музыкасында орус, фин, грузин, италиян, поляктардын обондору бар. Анын так жана кызыктуу музыкалык образдар менен жазылган чыгармалары Арагон хотасы, Мадриддеги түн Испания жөнүндө баяндайт. Глинка эң эле сергек аспап үчүн - адамдын үнүнө ылайыктуу музыка жазганды жакшы көргөн. Ал Пушкиндин бир топ ырларын музыкага салган. Биринчи орус операсы Иван Сусанинди да Глинка жазган. Анда Мекен үчүн өмүрүн кыйган орус дыйканынын эрдиги баяндалат. Ошентип, театр сахнасына биринчи жолу жөнөкөй дыйкандын образы келип, ачык-айрым чыныгы элдик обондор жаңырган. Деги эле Глинканын бүткүл музыкасына элдик ырлар менен бийлердин ширеси сиңирилген. Анын байлыгын, кооздугун жана чексиз шайырлыгын көрсөтүү максатында Глинка бүт оркестрди - назик скрипка менен флейтадан баштап, эң кубаттуу үйлөмө жана урма аспаптарга чейин пайдаланган.

Михаил Иванович жомокту жакшы көргөн жана жомокко музыка жазган. Руслан жана Людмила операсын уккулачы. Кишини өзүнө тартып, сыйкырдуу каармандарды сүрөттөгөн музыкасы силердин эсиңерде көпкө чейин сакталат. М. И. Глинка өз музыкасында орус элинии шайыр, жаркын мүнөзүн ача алган. Анын Камаринскаясын уксаңар буга ишенесиңер. Орус музыкасынын гүлдөп өсүшү Глинкадан башталган. Анын ысмы орус композиторлорунун ичинен биринчи болуп дүйнөгө белгилүү болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3989, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу