Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Гоби

Гоби - (моңголчо говь суусуз, какшыган жер) – Борбордук Азиянын түндүк жана түндүк-чыгышындагы чөлдүү, жарым чөлдүү аймак. Монголия менен Кытайдын аймагында. Түндүгүнөн Моңгол Алтайы жана Хангай тоолору, түштүгүнөн Наньшань жана Алтынтаг тоолору менен чектешет. Узундугу 2000 кмдей, туурасы 400 кмге чейин. Аянты 2 млн км2дей. Басымдуу бөлүгү бийиктиги 900–1200 мге жеткен түздүк. Айрым тоо массивдери, токол тоолор, майда дөбөлөр кездешет. Таштуу жана кумдуу чөлдөр, оёңдорго такыр, шор жерлер мүнөздүү. Климаты кескин континенттик, жайкы (45°С) жана кышкы (–40°С) температуранын айырмасы өтө зор. Жылдык жаан-чачыны 70–200 мм. Өсүмдүктөрү сейрек, негизинен бадал жана баялыш, түндүк-чыгышында дан өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарларынан бөкөн, пржевальский жылкысы, жапайы төө жана эшек мекендейт. Калкынын негизги кесипчилиги мал-чарбачылык (төө, кой, жылкы), айрым жерлеринде дыйканчылык. Монголиянын чегинде Чоң Гоби коругу уюшулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)