Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Греция

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Греция

Көп кылымдар мурун алгачкы грек деңиз саякатчылары - агронавттар Эгей деңизинен Кара деңизге жол ачышкан. Азыркы кезде да ошол байыркы деңиз жолу менен Грециянын жээктерине чейин сүзүп барабыз. Грециянын уламышка айланган мурунку тарыхы ушу күнгө чейин адамдарды таң калтырат. Өлкөнүн деңиз дарбазасы болгон Пирей порту башка порттор сыяктуу эле ар дайым ызы-чууга толуп турат. Греция байыркы мезгилдеги сыяктуу эле бүгүн да күчтүү деңиз державасы. Анын ак тилкелүү көк желек желбиреген кемелери дениз менен океандарда сүзүп, Европа жана Америкага тамеки менен мейиз, апельсин менен шарап, зайтун майы менен булгаары ташыйт. Ал эми чет элдик кемелер бул жерге станок, автомобиль, ар кандай приборлорду алып келет. Пирейден Грециянын борбору Афиныга жөө барууга болот.

Мында Грециянын калкынын төрттөн бирине жакыны жашайт. Байыркы заманда Грецияга келген жолоочуга Эгер сен Афиныны көрбөсөң - эшексиң, ал эми аны көрүп туруп суктанбасаң - төөсүң дешчү экен. Байыркы храмдардын дубалдарынын боорундагы скульптуралык сүрөттөр байыркы гректердин кандай экендигин, кесибин, кандай кийим кийгендигин баяндап турат. Ураган эски зор храмдардын арасынан азыркы мезгилдеги кооз имараттар заңгырайт. Какшып ысыган асфальт жолдо зымыраган автомобилдер, анда-санда кыйкырып газета сатып жүргөн балдар, өткөндөрдү жанына чакырган кичинекей бут кийим тазалагычтар - шаар көчөсүндөгү демейки көрүнүш. Шаардагы эң бийик жерде Акрополь жайгашкан. Байыркы грек искусствосунун мына ушул эстелигине бүткүл дүйнө жүзүнөн туристтер келип турушат. Шаардын куурулган балык, төө буурчак жана зайтун майы жыттанган чет жакасында кол өнөрчүлөр турушат. Көчө боюнда, эшик алдында тери ийлөөчүлөр жана кийим тигүүчүлөр иштейт, темир усталар узанат, карапачылар калыпка куюп кумура жасашат.

Ойногон балдардын чуру-чуусу менен терезеден бири-бирине добуш салган аялдардын үнү угулат. Грецияда жай апрелден октябрга чейин созулуп - узак жана ысык, жылына үч жүз күн жылуулук болуп турат. Кээ бир жашылчалардан жылына эки-үч ирет түшүм алууга болот. Бирок суу тартыш. Грецияны үч деңиз курчап тургандыгын эске алсак, бул таң калыштуу эмеспи!

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3940, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу