Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Григ Эдвард (1843-1907)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Григ Эдвард (1843-1907)

Бала күн бою деңиз жээктеп, кээде токтой калып асманды карайт: булуттар ага бирде көзү мээримдүү күмүш сакал дөө, бирде пери (фея), бирде саксагай гном болуп көрүнөт. Ал эми кечинде өзү туулуп-өскөн Норвегиянын эски шаары Бергендин көчөлөрүндө газ фонарларынын бүлбүлдөгөн жарыгында Эдвард чоң адамдар байкабаган нерселерди угуп, көрө баштачу, көз алдына элестете алуучу. Кулагына түркүн үндүү хор менен ырдалган ажайып ырлар дайыма жаңырып турчу. Анын өзгөчө мындай сезими демейдеги эле кадыресе нерселерден ажайып кереметтерди таба билүү жөндөмдүүлүгү өмүр бою сакталды. Көп жылдар өткөндөн кийин бул кереметтер анын музыкасында жашай баштаган. Анын музыкасы Норвегиянын жана анын элинин үнү болуп калган. Эдвард Григдин ысмы көп өлкөлөргө белгилүү болуп анын даңкы Европа менен Америкага тарайт, Россияда да анын достору пайда болот. Анын музыкасында биздин жүрөгүбүзгө жол таап, жан эриткен, жагымдуу бир нерсе бар - деген ал жөнүндө Пётр Ильич Чайковский. Григ аны менен Германияда таанышып, достошкон.

Дегинкисинде ал өз мекенинен сырткары жерлерге барууга анчалык умтулган эмес. Өмүрүнүн акыркы жыйырма жылы өзү туулуп өскөн кооз Берген шаарынын жанындагы дөңсөөлүү кичинекей Трольдхаугенден эч кайда барбай өткөрдү. Бул жердеги анын жыгачтан салынган чакан үйүн бийик дарактар айланта курчап, деңизден үйдү көздөй жалгыз аяк жол кетет. Ошол жол менен Григдин чакан үйүнө балыкчы, жакын жердеги карагай кыюучу жумушчу, дыйкандар келүүчү. Алар терезенин түбүнө үн чыгарбай отурушуп, музыка угушчу. Туулуп өскөн жеринин кооз токою, деңиз үстүндө жаңырып толкуган ыр түндүктүн көгүлтүр асманы жөнүндө аңгеме курган фортепьянонун үнү ачык терезеде шаңданып угулуп турчу. Григ Норвегия бийин ойногондо аны уккандарга жаш кези, дыйкан жаштарынын үйлөнүү үлпөтү элестечү: мына азыр айылдык скрипкачы алгачкы шаңдуу аккордду алганда - кызыл-тазыл кийимчен адамдар эски бийди чимирилип бийлей башташат. Григдин Трольдхаугендеги үйү азыр да турат.

Ага баруучу жалгыз аяк жолду ар кайсы өлкөдөн көрүү үчүн атайын келишкендер тапташат. Кышкысын аппак кар чакан үйдүн тегерегиндеги дарактардын шактарын ийилтип, үйдүн чатырын жапканда жалгыз аяк жолдун бурулушундагы бийик карагайдын далдасына Григдин чыгармаларынын каармандары жашырынып алган сыяктанып кетет. Мына викингдер - түндүктүн баатырлары. Алардын кадам таштаган добуштарын биз Григдин Хольберг заманынан деген сюитасындагы фортепьяно үчүн жазылган балладасынан уга алабыз. Ал эми бет каарыган муздак абада назиктикке жана кайгыга толгон жагымдуу обон кулакка далайга угулгандай сезилет.

Бул Ибсендин Пер Гюнт пьесасынын каарманы Сольвейгдин добушу. Эгер силер Григдин бул пьесага жазган музыкасын али биле элек болсоңор, аны кийин угуп жактырарыңарда шек жок. Пердин ишенимдүү, анын өмүр күткөн чыдамкай жары Сольвейг силердин эсиңерде калат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 428, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо