Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Грим

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Грим

Грим (французча grimer сөзүнөн, сөзмө-сөз — бетти боёоо) — спектакль же көркөм фильмди тартуу учурундагы ойноону сүрөттөө же имитациялоо үчүн актёрлорго зарыл болгон театралдык косметиканын түрү.

Грим

Артист кезектеги жаңы ролуна даярданып жатты. Кийим-кечеги алда качан тандалган. Эми бет келбетин гана өзгөртүү керек. Артист өзүнө ылайыктуу кеп чач тандайт, ар кандай үлгүлөрдөгү сакал-мурутту ченеп көрүп, атайын пластилинден жасалган мурунду жана кебез жаакты жабыштырат. Андан кийин ал гримдөөчү боёктордон, адегенде бетинин баарына жалпы тондогу боёк шыбайт. Мындан ал жаш же кары, ак куба же кара тору көрүнүп калат. Андан кийин ал каш, эрин жана кирпигин боёйт. Бул болсо артисттин бети ал ойноочу кейипкердин кулк-мүнөзүн көрсөтүп тургандай болушу үчүн зарыл.

Атактуу ырчы жана артист Ф. И. Шаляпин өзүнүн бүткүл чыгармачылык өмүрүндө Гунонун Фауст операсындагы Мефистофелдин партиясын аткарган. Шаляпин жаш кезинде бул ролду аткарганда көрүүчүлөр үчүн көнүмүш болуп калган опералык шайтан түрүндө гримденип жүргөн. Жыл өткөн сайын артисттин таланты артып, ага жараша анын кейипкерлеринин образы да ачык, таасын болуп, грими да өзгөрүп отурган. Акырында анын Мефистофели адам кебетесиндеги каардуу жана амалкөй жин катары биротоло бир калыпка келген. Чыгыштын айрым театрларында актёрлор грим ордуна даяр бет кеп (маска) кийишет же бул бет кептин сүрөтүн бетине тартып алышат. Гримди цирк артисттери да колдонушат.

Кызгылт-сары кеп чачтуу, эрини кыпкызыл, сүттөй аппак эки бетин тумарча кылып кызарта боёп алган тамашакөй маскарапоздорду эсиңерге салып көргүлөчү. Бул грим-бет көп маскарапоздорду андан бетер күлкүлүү кылып көрсөтөт. Жөнөкөй сөз менен айтканда грим бул келбетке жасалуучу макияж.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 943, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу