Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Грипп деген эмне?

Баш барак | Башкалар | Грипп деген эмне?

Грипп деген эмне? Грипп инфециялык оорулардын эң коопту жана оор ооруларга кирет, анткени бул оору менен ооруганда бронхиалдык системалар жабыркап, көп учурда өрчүшүп кетет. Шартка ылайык, грипп, массалык интоксикация менен өтүп, өйдөңкү дем алуу органдарын жабыркатат.

Достор, жаны коронавирус COVID-2019 менен алмаштырбайлы, булар эки башка оорулар

Оңой өрчүшүп кетүүсү менен грипп абдан кооптуу оорулардын катарына кирет, мисалы, өпкөнүн сезгенүүсү, ошондой эле грипп болгондо организмде көптөгөн башка оорулар козголот.

Грипптин пайда болуу себептери

Көп учурда грипптин жугуу булагы ал оору менен жабыркаган адам болот, ал адам менен ар кандай жакын контакт болгондо, аба аркылуу, кол кармашканда, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө грипп адамдан адамга жугат. Грипп оорусу кышкы мезгилде күчөп, эпидемия мүнөзүндө болот. Грипптин массалык жайылуусу орточо эсеп менен он жылда бир болот.

Грипптин симптомдору

Грипптин эң башкы симптому бул дененин температурасынын көтөрүлүшү (39-40градус), чыйрыгуу, муундардын оорушу, бут дененин алсыздыгы, баш ооруу, жарыктан корку сезиминин пайда болуусу, көз чункурларынын оорушу, дененин тердеши. Оорулуу адамдын табити төмөндөп, уйкусу бузулуп, оозу кургап, түш көрүп жатканда өзүнчө сүйлөнүп, ошондой эле голлюцинация болушу мүмкүн. Мындай клиникалык абалда, толук дем алуу системалары жабыркаганы көп байкалбайт, бирок, жөтөлүү пайда болуп, тамак кытышып, мурундун бүтүшү байкалат. Грипптин оор учурларында мурундан кан агып, териде жылдызча формасында канталоолор пайда болуп, булчуңдар тырышып, эс-учун жоготуп коюуулар да кездешет. Көп учурда ооз-мурундун тегерегинде майда жаралар пайда болот.

Айтып коюуу керек, грипптин мындай симптомдору бардыгында эле боло бербейт. Шартка ылайык, көп оорулууларда грипп өзүн ар кандай көрсөтөт. Ушуга себептүү, оорулуу адамдын абалы жеңил, орто жеңил, оор жана абдан оор абал болуп такталат.

Грипп оорусуна бала-чакадан баштап абышка-кемпирлерге чейин чалдыгышат. Бирок оорунун өтүшү орто жашаган адамдардыкына карганда жаш балдардыкы жана улгайган адамдардыкы иммундук системасынын начар өрчүгөндүгүнөн ар башка болот, ушуга себептүү ар кандай өрчүп кетүүлөр жаш балдарда жана улгайган адамдарда көп болот.

Оору башталганда биринчи жардам

Оорунун биринчи симптомдорун сезгенде, төмөнкү чараларды көрүү керек: малинадан же каргаттан компот жасап ысык түрдөө ичүү зарыл, жылуу жуурканга оронуп, астынарга жылуу суу куюлган бөтөлкөлөрдү тердөө максатында салып алсаңар эң жакшы болот, ошондой эле сөзсүз түрдө ооз-мурундун ичин маргансовканын мала кызыл раствору менен чайкоо зарыл, сарымсак жана пыяздан шуру жасап моюнуңарга илип алуу абзель, кайнатылган суусундуктардан көп ичуу, ушундай шарттарды сактасаңар грипп оорусу оорчулуксуз 3-күндө тарап кетет.

Гриппти даарылоонун эң маанилүү эки шарты

Башка оорулар сыяктуу эле, грипп дененин температурасынын көтөрүлүшү менен өтөт. Ал эми температуранын көтөрүлүшү, бул денени сактоо механизминин иштей баштаганына байланыштуу болот. Организм бактериялар менен күрөшүп, өзүн өзү даарылаганга аракеттенет. Температуранын көтөрүлүшү менен организмдеги көптөгөн бактериялар өлүмгө учурайт. Ушуга себептүү дененин температурасын антибиотиктер менен 37,5градустан төмөн түшүрбөө зарыл, бул биринчи шарт!

Экинчи шарты: Организмди оор тамактануу менен жүктөбөө керек, анткени иммундук системага дарт менен күрөшүүгө ошол убакта көп күч-кубат талап кылынат, ал эми оор тамактанып алганда ал күч кубаттын бары иммундук системага эмес, тамак-ашты иштетүүгө сарптала баштайт. Тамак-аш майлуу болбошу зарыл, канчалык жеңил тамак болсо ошончо организмге жакшы. Тамак суюк же каша консистенсиясында болсо эң жакшы, жана кайнатылган суусундук көп кабыл алуу абзель. Ошондой эле чоң эскертүү: Грипп болуп же суук тийип ооруп калганда дароо эле амоксацилин же ушу сыяктуу антибиотиктер менен тез айыгуу максатында даарыланууга такыр болбойт! Анткени, антибиотиктер менен тез-тез эле даарылана бергенде, организмдеги зыяндуу микроорганизмдер антибиотиктин соккусуна көнүп алат да, даарылардын таасирине чыдамдуу болуп, оору күчөп, айыкпас ооруларга алып келиши мүмкүн.

Элдик рецепт

Элдик рецепттерге кайрылсак: Орто өлчөмдөгү чийки пыязды алып, теркадан өткөрүп, 1стакан сүттү жылытып (кайнатпаш керек), пыязды аралаштырып, 20 мүнөт муздап калбаш үчүн жылуу жерде демдеп коюуу керек. Бул демделмени жылуу түрдө жана кечинде жатаарда ичүү зарыл. 1 стакандын баарын иче албасанар жарымын ичип, калган жарымын эртен менен кайра жылытып ичип алсанар болот. Мындай демдемени бир нече күн катары менен ичүү зарыл, ошондо грипп өрчүшпөй өтөт.

Сактануу жолдору

Грипптен сактануунун эң жөнөкөй каражаты бул жүз-каптар (маска), бир жүз-капты 3 саат гана жүзүңүзгө тагып жүрүүгө болот.
- Аймактык, шаардык ооруканалардан гриппке каршы эмдөөдөн өтүү, негизи гриппке каршы 6 айда бир эмдөөдөн өтүп турсаңар грипптен алысыраак болосуздар.

Грипп болуп ооруп жаткан адам менен сүйлөшүүгө туура келсе 1 метрдик аралыкты сактаңыз жана чүчкүрүп же жөтөлгөндө 2 метрге алыс болуңуз.

Өздүк гигиенаны жана суукка урунуп калуудан сак болуңуз. Жука кийим менен сейилдебегиле, колуңарды самындап жуугула.

Кыштын абдан суук күндөрү шарфты маска кылып жүзүңөрдү жаап алгыла, кышкы муздак температурадагы аба менен дем алганда тамагыңарды тез эле оорутуп аласыз.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 11323, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу