Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Грузия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Грузия

Грузиянын табияты ар түрдүү. Суусу жылуу Кара деңиз өтө зор аянтты ээлеп, мелмилдейт. Деңиз жээгиндеги Абхазия менен Ажария - нымдуу субтропик. Бул жерде жамгыр көп жаап, кыш болбойт десе да болот. Мында апельсин, мандарин жана лимон дарактары, чай плантациясы, гүл аянттары бой салып жатат. Колхида ойдуңунун саздуу жерлеринде бамбук, эвкалипт өсөт.

Куранын орто агымындагы жана анын куймасы Алазанинин боюндагы күнөстүү өрөөндөрдөгү жүзүм зарлар менен жемиш бактардын атагы алыска кеткен. Мында алма, алча, кара өстүрүлөт. Чоң Кавказдын чокуларын кар басып жатат. Ал чокулар Грузияны түндүктөн келген суук шамалдан тосуп турат. Too боорлоруна түнт токой өскөн. Мында кызыл карагай да, бук да, граб (кайыңга окшош) да, зыңгыраган тис да, темирдей бекем самшит да, каштан да, лиана да бар. Андан ойдо көк карагайлар, андан да жогорураак - альп шалбаасы өсөт. Таш көмүр чыккан жерлерде Ткибули жана Ткварчели шаарлары курулган. Бул жерде башка пайдалуу кендер да көп. Республикада жылуулук электр станциялары курулган.

Дарыяларда гидроэлектр станциялар салынган. Ошондой эле тамак-аш, женил жана химия өнөр жайлары өнүккөн. Грузиянын тарыхы байыркы мезгилден башталат. Биздин замандын башталышында эле мында чоң шаарлар, өз алдынча жазуусу болгон. 5-10-кылым мурда салынган таш сепил, чиркөө, көпүрөлөр бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Грузиянын борбору Тбилисинин салынганына 1500 жылдан ашты. Шаардын аталышы тбили - жылуулук деген сөздөн келип чыккан, анткени шаарга жакын жерде кайнар булактар бар. Шаарда эски чеп-сепилдер көп. Ал эми азыркы кездеги имарат, парк, бак, бульварлар андан да көп. Университет, институттар, илимдер академиясы бар. Метро курулган. Тбилисиде азыркы күнгө чейин сакталып калган Сион собору (5-кылым), ыйык Давиддин монастыры (6-кылым), Метехтин храмы (13-кылым) жана башка тарыхый эстеликтер бар. Грузиядагы Рустави - металлургдардын шаары, Боржоми, Батуми, Гагра, Пицунда - ден соолукту чыңдоочу мыкты курорт шаарлар. Ири деңиз порту Батуминин жанында ажайып ботаника багы жайгашкан.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 5367, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо