Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ийкемдүү вал

Ийкемдүү вал - бурулууга туруктуу, бирок жакшы ийилүүчү вал. Ал иштөө убагында бирибирине болгон абалы өзгөрүп турган окторго айлануу жана толгонуу моменттерин өткөрүүдө колдонулат. Зымдан жасалган ийкемдүү вал кайсы багытта болбосун ийкемдүү иштейт. Ал бир нече зым катмарларынан чыйратылып жасалган валдан турат, анын уч жагында кыймыл бергичке туташтыруу үчүн арматура (патрон) болот. Валдын сырт жагы урунуудан сактоо жана майлоочу майды кармап туруучу ийкемдүү соот (броня) менен капталат. Ийкемдүү вал оңго жана солго айлануучу болуп бөлүнөт, себеби вал айланганда зымдын сырткы катмары чыйралып турушу керек. Зымдан жасалган ийкемдүү вал механикалаштырылган кол аспаптарда жана приборлордо (мисалы, тиш дарылоочу бор машинасында жана жүн кыркуучу машинада) орнотулат. Айрым учурда (мисалы, көп корпустуу буу турбиналарында) бири-бири менен шарнирдүү туташтырылып, кыска звенодон турган, сырты капталган шарнирдүү ийкемдүү вал пайдаланылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)