Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ийнелик

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Ийнелик

Кайсы жаныбар баарынан сугалак? Арстан же карышкыр деп жооп бергиң келет. Бирок кимдир бирөө ойлонуп туруп куштар деп айтышы ыктымал, анткени айрым куштар бир күндө өз салмагына барабар келген курт-кумурскаларды жейт. Бирок дүйнөдөгү соргок жандык - ийнелик деп айтуу, балким, эч кимдин оюна келбес. Чындыгында, ийнелик эки сааттын ичинде 40 чымын-чиркей жейт. Эгер ал арстандай чоң болсо, бир уйду бир эле бүт жеп коймок. Ийнелик деген эмне, ийнелик деген сугалак.

Мындай соргоктун күн көрүшү оңой эмес! Чымынды бардык жерден табууга болот, ошентсе да курсагын тойгузуу үчүн ийнелик эртеден кечке аңчылык кылат. Ийнелик токой ичиндеги жолдордо, ачык аянттарда жана чет-жакаларда учуп жүрүп, зыяндуу канча чымын-чиркейди жок кыларын эми көз алдыңарга элестетсеңер болот.

Ийнеликтер - бул активдүү учууга мүмкүндүгү бар, жетишээрлик чоң курт-кумурскалар түркүмүмнө кирет. Булардын тулку-бою созулуңку келип, буттары күчтүү, узун муруттары, бакырайган көздөрү жайгашкан чоң башы бар. Көздөрү татаал түзүмдө болуп, фасеткалардан турат. Ар бир көзүндө 30 миңдей фасетка бар. Көзүнүн өйдөңкү бөлүгүндө жайгашкан фасеткалар обьектилердин формасын гана айырмалай алат, ал эми көзүнүн төмөнкү жагында жайгашкан фасеткалар түстөрдү айырмалайт. Ийнеликтин көзүнүн ушундай түзүмдө болуусу ага жакшы багыт алып, аңчылык кылууга жардам берет.

Ийнеликтин тамактануусу
Бардык ийнеликтер - жырткычтар. Алар ар кандай курт-кумурскаларга аңчылык кылат. Кээ бир ийнеликтер аңчылык кылганына абадан эле кол салса, башкалары курт-кумурскаларга жалбырактар жана өсүмдүк сабактарынан аңуулайт. Ийнелик личинкалары сууда жашап, курттарды, курт-кумурскалар личинкаларын, майда рак сыймалдууларды, ал гана эмнес балыктардын майда чабактарын жешет.

Жашоо образы
Ийнеликтер өнүгүүнүн үч баскычынан өтөт - жумуртка, личинка (нимфа) жана имаго (чоң жандык). Тукумдоо мезгилинде ургаачылары суунун жанына, сууга же суудагы чирип бараткан жыгачка жумурткаларын таштайт. Ийнелик өмүрүнүн аягына чейин 200дөн бир нече миң жумуртка ташташы мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен жумурткалардан личинкалар чыгып, алар сууда жашап өнүгөт. Суу астында жашоо үчүн алардын жакшы өөрчүгөн бакалоорлору бар. Личинкаларынын ооз аппараты кемирүүчү түрдө болуп, күчтүү жылма эриндери бар, ал эриндери олжосун кармоого жана кармап калууга жакшы калыптанган. Личинкалары чоң ийнеликтер сыяктуу эле жырткыч келишет. Сууда жашоо менен алар сүзө алышпайт, бирок суунун түбү аркылуу өзүнүн күчтүү буттары менен оңой басып жүрүшөт. Личинкалар сууда 1 жылдан 4 жылга чейин жашашат. Бул мезгилде личинкалар 25 жолу түлөшөт. Андан соң ал кайсы бир өсүмдүктүн сабагына жөргөлөп чыгып, акыркы жолу түлөйт дагы, уча турган ийнеликке айланат.

Кызыктуу фактылар

Достор ийнелик жонундо маалымат ушундай кызыктуу фактыларга бай экен.

Жайгаштыруу: 2018-03-30, Көрүүлөр: 4198, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-30, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу