Иллюзордуулук

Иллюзордуулук (латынча illusorius – жалган, алдоочу, элес-булас) – кабыл алуу иллюзияларынын натыйжасы, натура менен сүрөттөлүш окшоштугунун психологиялык эффекти. И. эсептелинген көркөм ыкма же сүрөтчүнүн сүрөттөлүштү көз менен көргөн чындыкка жакындатуу максатынын кошумча натыйжасы болушу мүмкүн. Кээде деталдарды калыбына келтирүү да көрүүчүлөрдүн баёо таң калуучун туудурган ыкма болуп калат (мисалы, Геррита Даунун картиналарында, Нидерланддар, XVII к. С. К. Зарянконун портреттеринде, Россия, XIX к.). И. натыйжалуулугун орус сүрөтчүсү Ф. П. Толстой эң сонун колдоно билген. Ал жемиш, гүл, көпөлөк, чымчыктардын сүрөтүн тартканда И. эффектин пайдаланган. Анын жука папирус кагазы менен (чындыкта сүрөт эч нерсе менен жабылган эмес) жабылгандай болгон жана анын ары жагынан тартылган сүрөттөлүш көрүнүп турган пейзажы абдан популярдуу болгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)