Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Иманалиев Шадыкан

Баш барак | Биографиялар | Иманалиев Шадыкан

Иманалиев Шадыкан(1907, Жайыл району, Сары-Булак айылы -1990, Бишкек ш.) - мамлекеттик жана партиялык ишмер. 1929-жылдан КПСС мүчөсү. 1921—25-жылы Бишкек шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган. 1925—27-жылы Калинин шаарындагы (Россия) Фабрика-завод окуу жайында, 1930—31-жылы ВКП(б) БКнын алдындагы партиялык-комсомолдук кызматкерлерди кайра даярдоочу курста окуган. 1927—30-жылы Ош, Жалал-Абад облустарында, Ташкен шаарында комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеген. 1931—44-жылы Кыргызстан КПнын Лейлек, Ысык-Көл, Чоң-Алай, Үч-Коргон райондук комитеттеринин биринчи катчысы, Кыргызстан КП(б) БКнын советтик-соода бөлүмүнүн башчысы.

1944жылдан Ош облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1945-жылдан Кыргызстан КП(б)нын Тянь-Шань, 1947—52-жылы Ысык-Көл облустук комитеттеринин биринчи катчысы болуп иштеген. 1952—53-жылы Кыргызстан КП(б) БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысына орун басар. 1953-жылдан Фрунзе облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы. 1959—61-жылы Кыргыз Республиканын эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн директору.

1961—65-жылы Республиканын эт-сүт өнөр жай башкармасында жетектөөчү кызматтарда иштеген. И. 2 Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 603, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо