Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Иманбеков Амантур

Баш барак | Биографиялар | Иманбеков Амантур

(1927-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Ак-Кочкор айылы) - экономист, экономика илимдеринин кандидаты (1963), профессор (1991). Бишкек кооператив техникумун (1948), Г. В. Плеханов атындагы Москва эл чарба институтун (1953) бүтүргөн. 1953—55-жылы Кыргыз ССР Соода министрлигинде улук ревизор, бөлүм башчы, 1955—57-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын экономика институтунда кенже илимий кызматкер, 1957—61-жылы СССР Илимдер Академиясынын экономика институтунда аспирант, 1961—68-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын экономика ин-лунда кенже, улук илимий кызматкер, сектор башчы, 1968—92-жылы КМУда кафедра башчысы, 1992-жылдан Эл аралык башкаруу институтунун Караколдогу филиалында профессор. Капиталдык салымдардын, негизги фонддордун жана жаңы техникалардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча 50дөн ашык эмгектин, анын ичинде 9 монографиянын (айрымдары авторлош) автору. Кыргыз Республиканын эл агартуу отличниги (1983). Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 554, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу