Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Иманов Акеш

Баш барак | Биографиялар | Иманов Акеш

(1931-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы) - тилчи, филология илимдеринин доктору (1995), доцент (1972), профессор (1992). Кыргыз мамлекеттик пединститутунун филология факультетин бүтүргөн (1952). 1946—52-жылы Каракол шаарындагы Киров атындагы орто мектепте улук пионер-вожатый, мугалим, Жети-Өгүз районундагы мектептерде окуу бөлүмүнүн башчысы, директору, 1953—54-жылы Тажикстандын Мургаб районундагы Ленин атн., 1954—57-жылы Жети-Өгүз районундагы «Жон-Булак» мектептеринде директор, 1958—62-жылы КМУда аспирант, 1962—89-жылы окутуучу, ага окутуучу, доцент, 1989—91-жылы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, 1992-жылдан профессор. 110 илимий жана илимий-методикалык эмгектин автору (анын ичинде 1 монография, 5 окуу китеби). Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 785, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо