Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Индия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Индия

Индия олкосу. Жеринин аянты - 3287390 чарчы/чакырым Калкы - 984000000 адам. Байыркы заманда европалыктар Индияны керемети жана байлыгы ташыган ажайып өлкө катары элестетишкен. Ошондуктан европалык саякатчылар менен соодагерлер ойго да келбеген көп кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга бел байлап, Индияга жетүүгө умтулушкан. Орус көпөсү Афанасий Никитин мындан беш жүз жыл мурда биринчилерден болуп Индия мамлекетине келген. 18-кылымда англистер Индияны басып алышып, өз колониясына айландырышкан, Алар инди элин эки жүз жылга жакын талап-тоноп, эзип келишкен. Индилер (индейлер менен чаташтырбагыла!) узакка созулган жана өтө оор күрөштү жүргүзүп, көз карандысыздыкты жеңип алышкан.

Бул 1947-жылы болгон, Индия - Азиядагы, жалпы эле бүткүл дүйнөдөгү эң чоң өлкөлөрдүн бири. Калкынын саны боюнча өзүнүн түндүктөгү коңшу өлкөсү Кытайдан кийинки орунда турат. Индия жонундо маалымат айтууда анын Кытай менен жер жүзүндө белгилүү, эң бийик Гималаи тоолору бөлүп турат. Гималай тоолорунун этегин бойлой жаткан ойдуң аркылуу чоң Ганг дарыясы агат. Андан түштүгүрөөктө зор шынаа сыяктанып Инди океанына кирип турган Индостан жарым аралынын дөңсөөлөрү жатат. Тоолордун капталдарында дайыма жашыл чытырман токойлор - жунглилер ушул мезгилге чейин сакталып калган. Мында ири айбандардан жолборс, керик, жапайы пил жашайт. Индияда маймыл көп, аларды токойлордон эле эмес, шаар-кыштактардан да жолуктурууга болот.

Инди дыйкандары шалы, буудай, жүгөрү, бал камыш, пахта жана жут (андан бышык аркан жасалат) айдашат. Чыгыш Гималай тоолорунун капталдарында чай өсүмдүгү өстүрүлөт. Индилердин көбү ылайдан согулган кепелерде же кыштан салынган үйлөрдө жашашат. Алардын үстү саман, камыш, черепица (карана плита) менен жабылат. Дыйкандар жер айдоого өгүз менен буйволдорду пайдаланышат. Эгерде мында жерди иштетүүдө жасалма жол менен сугаруу ыкмасы пайдаланылса, бир жылда эки же үч жолу да түшүм алууга болот. Индия мамлекети жонундо маалыматтарда, индиянын тарыхы миңдеген жылдарды камтыйт. Байыркы инди шаарлары өлкөнүн ичкери жагында жайгашкан.

Бул жерде бекем чептер, эң бир кооз сарайлар менен храмдар сакталып калган. Ажантанын үңкүр храмдарындагы керемет сүрөттөр менен скульптуралар бүткүл дүйнөгө белгилүү. Индиялык чебер кол өнөрчүлөр, токуучулар, курал жасоочулар, ташты жана сөөктү оюп кооздоочулар байыркы замандан бери эле даңкталып келатат. Өлкөнүн эң ири шаарлары жакында, мындан жүз жылдай мурда, деңиз жээктеринде пайда болгон. Мында завод-фабрикалардын көбү жайгашкан. Бул жакка башка өлкөлөрдөн кемелер келишип, индиялык товарларды - чай салынган ящиктерди, таңгак-таңгак булгаары, тери, жут, темир рудасын жана слюдаларды алып кетип турушкан. Индиялыктар хинди, англис, телугу, бенгал жана башка тилдерде сүйлөшөт, өңүтүсү да ар түрдүүчө. Индия Республикасы жыйырмадан ашык штаттан турат, алардын дээрлик ар бирин де жергиликтүү бенгал, маратхи, тамил жана башка тилдердин бири официалдуу тил катары кабыл алынган. Борбордук райондордо жашагандар хинди тилинде сүйлөшөт.

Хинди тили өлкөдө кеңири таралган жана мамлекеттик тил катары кабыл алынган. Англис тили да Индияда экинчи мамлекеттик тил болуп эсептелет. Индиялыктар узак жылдар бою өз өлкөсүнө ээ болушкан эмес. Бул өлкөнүн өнүгүшүн катуу кечеңдеткен. Азыр Индияда ири өнөр жай түзүлгөн. Өнөр жай ишканалары, электр станциялары, сугат каналдары курулуп жатат. Айрыкча айыл чарбасы ургаалдуу өнүгүүдө. Индия мамлекети кыргызча жазып дайындаган Саулешка карындашыбызга рахмат.

Жайгаштыруу: 2018-03-29, Көрүүлөр: 23623, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-03
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо