Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Индонезия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Индонезия

Индонезия мамлекети. Жеринин аянты - 1904570чарчы/чакырым, калкы - 212940000 адам. Бул мамлекет экватордо, сайроондор менен курчалган бир нече миң аралдан орун алган. Алардын арасында Яка, Суматра, Сулавеси өңдүү чоң аралдар да бар. Калимантан деген чоң аралдын бир бөлүгү да Индонезияга таандык. Эң кичине аралдар да бар - аларда балыкчылардын бир нече кепеси, кокос пальмаларынан чакан токойчосу гана болот. Айрым аралдарда адам жашабайт. Индонезиянын Джакарта, Сурабайе, Медар сыяктуу ири шаарларында өнөр жайы тез темп менен өнүгүүдө. Мамлекеттин борбору - Джакарта шаары Ява аралында жайгашкан. Индонезиянын бардык ири шаарлары сыяктуу эле ал өтө түркүн мүнөздүү жана абдан ар кыл. Шаардын үйлөрү пальма, фикус, магнолий дарактарына чулганып, көчөлөрү саябалуу парк, аллеяларды элестетет.

Шаардын чеке белиндеги үйлөрдүн дубалдары бамбуктун чамындыларынан жасалып, үстү камыш менен жабылган. Үйлөргө көбүнчө бойро төшөлгөн. Көчөлөрү кууш келип, велосипедчен эки киши бетмебет келип калса, араң өтүшөт. Ява аралында адам тийбеген токойлор - жунглилер аз калды. Аралдын дээрлик бардык аймагында адамдар керектүү өсүмдүктөрдү өстүрүшөт. Бул - жер жүзүндөгү калкы өтө жыш аймактардын бири. Чыныгы, өз калыбындагы жунглилерди көрүү үчүн башка аралдарга баруу керек. Бул жерде мергенчилер көп учурда курч балта менен лианаларды кыркып өзүнө жол ачууга туура келет. Дарыяларда, саздарда чоң крокодилдер жашайт.

Айрым жерлерде пил менен жолборс сакталып калган. Калимантан аралында киши сымал чоң маймылдар - орангутандар жашайт. Зор жырткыч кескелдирик - комодо эчки эмээр индонезияда гана кезигет. Ал биздеги кадимки кичинекей кескелдирикке окшош, бирок чоңдугу крокодилдей бар. Индонезия аралдарында канаттуулар көп. Индонезияда нефть жана калай казып алынат. Дыйкандар күрүч, кокос пальмасын, банан, ошондой эле ичи сары, даамдуу сүйрү жемиши бар папайю деген анча чоң эмес даракты өстүрүшөт. Бул жерде күрүчтөн жылына эки жолу түшүм алынат. Ошондой эле каучук дарагы, кофе, чай жана бал камыш өстүрүлөт. Каучук дарактары - гевеялар плантацияларда катар созулуп жатат. Дарактардын сөңгөктөрүн атайылап бир аз кесип коюшат.

Ошол кесилген жерден коюу ак шире сарыгып, дарактарга бекитилген учтуу шоңшогой чөйчөктөргө куюла берет. Жумушчулар ширени чогултуп фабрикаларга жөнөтөт. Индонезиялыктар - жыгачка жан киргизген чебер уста, алардын көөрү төгүлгөн колдорунда жыгачтын бир кесиндиси жаныбарлардын же байыркы уламыштын каарманын элеететүү менен куймасы өтө кылдат кооздолуп, оймо-чийме түр салынган ажайып чөйчөккө айланат. Индонезия жонундо маалымат жазууну уланта кетсек, Явада жашагандар улуттук оймо-чийме салып кол менен кооз кездемелерди токушат. Бул кездеме - батик алардын сыймыгы. Өлкө 30-жылдан ашык убакыт голландиялык колонизаторлордун эзүүсүндө болгон.

Индонезия эли өздөрүнүн көз карандысыздыгы үчүн каармандык менен күрөшкөн. 1949-жылы августта көз каранды эмес Индонезия Республикасы жарыяланган. Индонезиялыктар жөнүндө билгиңиз келсе шилтемеге өтүңүз.

Жайгаштыруу: 2018-03-30, Көрүүлөр: 3796, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-30
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо