Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Информациялык моделдөөнүн этаптары

Баш барак | Башкалар | Информациялык моделдөөнүн этаптары

Каалаган жумуш жасоонун алдында, анын башталышын, аягын жана болжолдуу этаптарын билип алуу зарыл. Ушундай эле нерсени моделдөө жөнүндө айтса болот. Бул жердеги башталгыч чекит - прототип. Ал жасалып жаткан же болгон объект же процесс болушу мүмкүн. Моделдөөнүн аякы баскычы - объект жөнүндөгү маалыматка таянып кабыл алынган чечимдер.

Мазмуну

Моделдөө - чыгармачыл процесс. Моделдөөнү формалдык рамкаларга киргизүү оңой эмес. Конкреттүү бир тапшырмаларды чечүүдө бул схема кандайдыр бир өзгөрүүлөргө кабылышы мүмкүн: кайсы бир блок алынып же жакшыртылып, кайсы бири кошулушу ыктымал. Этаптардын мазмуну коюлган тапшырма жана моделдөөнүн максаттары менен аныкталат. Негизги этаптарды карап, аларга кыскача мүнөздөмө берели.

Этап-1. Тапшырманы коюуу.

Тапшырма деп чечүүнү талап кылган кандайдыр бир көйгөйдү, маселени түшүнөбүз. Тапшырма коюуу этабында (баскычында) төмөнкүлөр зарыл:

Тапшырма жөнөкөй тилде калыптанып, түшүнүктүү баяндалышы керек. Бул жерде башкысы моделдөөнүн объектисин аныктап, натыйжасы кандай болушу керектигин түшүнүү. Объектини же процессти анализдөө баскычында (этабында) моделдөө объектисинин негизги касиеттерин, элементтерин жана алар менен болгон байланыштарды так белгилеп алышат. Объектилердин көз каранды байланыштарынын жөнөкөй мисалы - сүйлөмдү талдоо. Алгач баш мүчөлөр белгиленет (ээ, баяндооч), андан кийин баш мүчөлөргө таандык, бирок негизги эмес мүчөлөр, анан сөздөр ж.б.у.с болуп кетет.

Этап-2. Моделди иштеп чыгуу.

Бул баскычта элементардык объектилердин касиеттери, абалдары, иш-аракеттери жана башка мүнөздөмөлөрү каалаган формада: оозеки, схема, таблица түрүндө ачыкталат. Баштапкы объектини түзүүчү элементардык объектилер жөнүндө түшүнүк калыптанат, башкача айтканда информациялык модель. Моделдер предметтик дүйнөнүн маанилүү белгилерин, касиеттерин жана мамилелерин чагылдырышы зарыл. Дал ушул моделдер объект жөнүндө толук маалыматты берет. Информациялык модель (маалыматтык) объектинин эч качан толук мүнөздөбөйт. Бир эле объектке ар кандай информациялык моделдерди түзүүгө болот.

Информациялык моделди түзүүдөгү маанилүү маалыматты тандоо, андагы моделдин татаалдыгы моделдөөнүн максаттары менен шартталат. Объектилердин анализ учурунда белгиленген бардык кирүүчү параметрлерин маанисинин азаюуу иретинде жайгаштырып, моделдөөнүн максаттарына ылайык моделди жөнөкөйлөтөт.

Моделдөө процессине киришүү алдында, алдын-ала чиймелерды, схемаларды кагаз бетине түшүрүп, эсептөө формулаларын чыгарып алышат. Башкача айтканда информациялык моделди тигил же бул белги формасында түзүп алышат. Ал компьютердик же компьютердик эмес болушу мүмкүн.

Этап-3. Компьютердик моделди түзүү.

Компьютердик модель - бул программдык чөйрөнүн каражаттары менен ишке ашырылган модель.

Учурда информациялык моделдерди изилдөөчү (моделдөө) көптөгөн программдык комплекстер бар. Ар бир программдык чөйрө өзүнүн аспаптарына ээ болуп, белгилүү бир информациялык объекттердин түрлөрү менен иштөөгө мүмкүндүк берет.

Адам моделдин кандай болоорун билип, ага белгилүү форманы берүү үчүн компьютерди колдонот. Мисалы, геометриялык моделдерди, схемаларды түзүү үчүн графикалык чөйрө, сөздүк же таблицалык баяндоолор үчүн тексттик редактор чөйрөсү колдонулат.

Системаларды моделдөөдөгү компьютердин негизги функциялары:

Этап-4. Компьютердик эксперимент.

Эсептеп чыгаруучу эксперименти компьютердик моделдөөнүн түрү. Башкача айтканда изилденүүчү система же процесстин үстүндө экспериментатор тарабынан, эксперимент куралы, компьютер, компьютердик чөйрө, технологиялар менен ишке ашырылуучу иш-чара.

Эсептеп чыгаруучу эксперимент жаңы технология менен илимий таанып билүү ыкмасынын жаңы куралы болууда. Эсептеп чыгаруучу эксперименти жаңы мыйзам ченемдүүлүктөрдү табууга, гипотезаларды текшерүүгө, окуялардын жүрүшүн визуалдаштырууга мүмкүндүк берет. Жаңы конструктордук ойлоп чыгууларга деп берүүгө, өндүрүшкө жаңы техникалык чечимдерди киргизүүгө же жаңы идеяларды текшерүүгө эксперимент керек.

Мурда мындай эксперименттерди атайын жабдылган лабораторияларда же табигый шартта нак үлгүнү түрдүү сыноорго салуу менен жүргүзүү мүмкүн эле. Эсептөөчү техниканын өнүгүшү менен, жаңы уникалдуу "компьютердик эксперимент" ыкмасы пайда болду.

Компьютердик эксперимент өзүнө модел менен иштөөнүн ырааттуулугун, колдонуучунун модель үстүндөгү багытталган иш-аракеттеринин жыйындысын камтыйт.

Этап-5. Моделдөө жыйынтыктарын анализдөө.

Моделдөөнүн аякы максаты - алынган жыйынтыктарды ар тараптуу анализдеп чыгарылган чечимдерди кабыл алуу.

Бул баскыч (этап) чечүүчү болот, сиз изилдөөлөрдү улантасыз же токтотосуз. Чечимди иштеп чыгуунун негизин тестирлөө жана эксперименттердин натыйжалары түзөт.

Эгер жыйынтыктар коюлган тапшырманын максаттарына туура келбесе, демек, муруңку этаптарда ката кеткен. Бул өтө жөнөкөйлөтүлгөн инфомациялык модели түзүү болушу мүмкүн, же моделдөөнүн ыкмасын же чөйрөсүн ийгиликсиз тандоо, болбосо, моделди түзүүдөгү технологиялык ыктардын бузулушу болушу мүмкүн. Эгер мындай каталар табылган болсо, моделди тууралоо талап кылынат. Муруңку этаптардын бирине кайтуу. Эксперименттин натыйжалары моделдөөнүн максаттарына жооп бермейинче процесс кайталана берет.

Жайгаштыруу: 2020-04-09, Көрүүлөр: 7022, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-04-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу