Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Информатика

Информатика (ср. нем. Informatik, нем. Informatik, нем. Informatik, нем. Informatik—АКШда, нем. Informatik — Англияда) информацияны алуу, топтоо, сактоо, өзгөртүп түзүү, берүү, коргоо жана пайдалануунун жолдору тууралуу илим. Ал өзүнө эсептөөчү машиналарда {0) жана эсептөөчү тармактарда информацияны иштетүүгө багытталган (алгоритмдерди талдоо сыяктуу абстракттуу (1) жана программалоо тилдерин иштеп чыгуу {3) сыяктуу конкреттүү) дисциплиналарды камтыйт:

Информатика термини 1960-жылдарда Францияда информацияны автоматташтырып иштетүү областын атоо үчүн information жана automatique (F. Dreyfus, 1962).деген француз сөздөрүн кошкондон келип чыккан.

Информатикада изилдөөнүн темалары болуп: программаларда жана маалыматтар базаларында эмнелерди ишке ашырууга мүмкүн же мүмкүн эместиги (эсептелгичтик теориясы жана жасалма интеллект), спецификалык эсептөөчү жана информациялык маселелерди максималдык натыйжалуулук (эсептөөнүн татаалдык теориясы) менен чечүү мүмкүндүгү, спецификалык информацияны (структуралар жана маалымат базалары) кандай түрдө сактоого жана кайра калыбына келтирүүгө болорлугу, программалар жана адамдар өз ара кантип алака кылышары (кардарлар интерфейси, программалоо тилдери жана билимдерди сунуш кылуу) ж. у. с. маселелер эсептелет.

Информатика — бул адам ишмердигинин ар түркүн тармактарында информацияны издөө, топтоо, сактоо, өзгөртүп түзүү жана пайдалануу менен байланышкан маселелерди изилдөөчү жаш илимий дисциплина. Информатиканын тамыры эсептөөчү техника, компьютердик системалар жана тармактар менен тыгыз байланышкан, анткени так ушул компьютерлер сансыз информацияны алууга, топтоого, сактоого жана автоматтык түрдө иштетүүгө мүмкүндүк бергендиктен, информациялык процесстерге илимий мамилени бир учурда ишке ашыруу зарыл жана мүмкүн болуп эсептелет.

«Информатика» термининин (термин азыркы илимий жана методикалык адабиятта пайдаланылгандай) түшүндүрүлүшү али турукташып жана кабыл алынып бериле элек. Бул маселенин электрондук эселтөөчү машиналар пайда болгон учурдагы тарыхына кайрылып көрөлү.

[ushka=seredina]

Информатика түшүнүгүнө, мисалы, математика түшүнүгү сыяктуу эле, жалпы аныктама бериш кыйын.. Бул - илим дагы, колдонмо изилдөөлөрдүн областы дагы, жана дисциплина аралык изилдөөлөрдүн областы дагы, жана окуу дисциплинасы дагы (мектепте жана ЖОЖдо) болуп эсептелет.

Информатика илими жакында эле пайда болгонуна карабастан (төмөнкара), анын келип чыгышын Лейбництин биринчи эсептөөчү машинаны жасоо жана универсалдык (философиялык) эсептөөлөр иштелмесин түзүү тууралуу эмгектери менен байланыштырышат.

«Информатика» термини биринчи жолу Германияда Карл Штейнбух тарабынан 1957-жылы киргизилет. 1962-жылы бул терминди Ф. Дрейфус француз тилине киргизип, жана башка айрым европалык тилдердеги котормосун сунуштаган. Советтик илимий-техникалык адабиятта «информатика» термини А. И. Михайлов, А. И. Чёрный жана Р. С. Гиляревский тарабынан 1968-жылы киргизилген.

Информатика өзүнчө илим катары 1970-жылдарда гана таанылган, буга чейин ал математиканын, электрониканын жана башка техникалык илимдердин ичинде өнүгүп келди. Информатиканын элементтерин лингвистикада дагы жолуктурууга болот. Информатика өз алдынча илим болуп таанылгандан баштап өз методдорун жана терминологиясын түздү.

Информатиканын биринчи факультети 1962-жылы Пёрдью (Purdue University) университетинде негизделет. Азыр информатика факультеттери жана кафедралары дүйнөдөгү университеттердин көбүндө бар.

СССРдин мектептеринде «Информатика» окуу предмети 1985-жылы А. П. Ершовдун «Информатиканын жана эсептөөчү техниканын негиздери» окуу китеби менен бирге пайда болду.

Информатика областындагы эмгектери үчүн жогорку сыйлык болуп Тьюринг байгеси эсептелет.

4-декабрда Россияда

Информатика бир нече бөлүмдөрдөн турат.

Теориялык информатика формалдуу тилдер жана автоматтар теориясы, эсептелгичтик жана татаалдык теориялары, графтар теориясы, криптология, логика ( айтылыштар логикасы жана предикаттар логикасы менен кошо), формалдуу семантика менен алектенет жана программалоо тилдери үчүн компиляторлор түзүүго жана проблемалардын коюлушун математикалык жактан формулалоого негиздерди сунуштайт.

Практикалык информатика - маалыматтар структураларынын, алгоритмдерди түзүүнүн, жалпы жана татаал маселелерди чечүү моделдеринин жардамында информацияны сактоо жана аны башкаруу сыяктуу стандарттуу маселелерди чечүү үчүн - фундаменттик түшүнүктөрдү камсыз кылат. Сорттоо алгоритмдерин жана Фурьенин тез өзгөртүү алгоритмдерин мисал келтирсе болот.

Практикалык информатиканын борбордук темаларынын бири - программалык жабдылыштын инженериясы (англ. Software Engineering). Бул жерде идеядан баштап даяр программалык жабдылышты алууга чейинки системалык процесс тууралуу кеп болуп жатат.

Практикалык информатика программалык жабдылышты түзүүгө керектүү аспаптарды, мисалы, компиляторлорду, сунуш кылат.

Техникалык информатика эсептөөчү техниканын аппараттык бөлүгү менен, мисалы, микропроцессордук техниканын, компьютердик архитектуранын жана бөлүштүрүлгөн системалардын негиздери менен алектенет. Ошентип, ал электротехника менен байланыштырат. Компьютердик архитектура - бул компьютерлерди түзүүнүн концепциясын изилдөөчү илим. Мында микропроцессордун, эстин жана перифериялык контроллерлордун өз ара алакалары аныкталат жана оптималдаштырылат.

Дагы бир маанилүү багыт - бул машиналар арасындагы байланыш. Ал компьютерлер арасында маалыматтардын электрондук алмашуусун камсыздайт, демек, Интернет үчүн техникалык базаны даярдайт. Бул дисциплина маршрутизаторлорду, коммутаторлорду, же тармак аралык экрандарды иштеп чыккандан башка, машиналар арасында маалымат алмашуу үчүн TCP, HTTP же SOAP сыяктуу тармактык протоколдорду иштеп чыгуу жана стандартташтыруу менен алектенет.

Колдонмо информатика турмуштун, илимдин же өндүрүштүн ар түрдүү областтарында информатиканын конкреттүү колдонулуштарын, мисалы, бизнес-информатика, геоинформатика, компьютердик лингвистика, биоинформатика, хемоинформатика ж. у. с. бириктирет..

Табийгый информатика - бул информацияны табиятта, мээде жана адам коомунда иштетүүнүн процесстерин изилдөөчү илим. Ал эволюция, морфогенез жана өнүгүү биологиясы теориялары, системалык изилдөөлөр, мээни , ДНКны , иммундук системаны жана клеткалык мембрананы изилдөөлөр , менеджмент жана группалык жүрүш-туруш теориясы, тарых ж. у. с. классикалык илимий багыттарга таянат . "Информацияны ар түрдүү системаларда - машиналарда, тирүү организмдерде же адам коомунда болсун - башкаруунун жана берүүнүн жалпы мийзамченемдүүлүктөрү тууралуу илим" деп аныкталуучу кибернетика жакын болсо да башка багыттарды изилдейт. Математика сыяктуу эле, азыркы информатиканын негизги бөлүгү дагы, табийгый илимдердин областына жатпайт, анткени алардан өз методологиясы менен кескин айырмаланып турат. (Азыркы табийгый илимдерде математикалык жана компьютердик моделдөөнүн кеңири колдонулганына карабастан.)

Жайгаштыруу: 2016-08-02, Көрүүлөр: 61543, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-09-06
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо