Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Инкубациядагы жумурткалардын чыгышынын көйгөйлөрүн кантип аныктайбыз

Баш барак | Ветеринария | Инкубациядагы жумурткалардын чыгышынын көйгөйлөрүн кантип аныктайбыз

Инкубаторго жөжө чыгарууга салынган жумурткадан балапан чыгарууда таасир этуучу негизги факторлорун төмөнкү 3 категорияга топтосо болот.

1. Ата – энесинин үйүрүндөгү көйгөйлөр.
2. Жумуртканы чогултууга, сактоого байланышкан көйгөйлөр.
3. Инкубациянын технологиясына байланыштуу көйгөйлөр.

Эгерде көйгөй ата – энесинин үйүрүнөн келип чыкса, анда ал 4 жумалык орун алган. 3 жума инкубацияда жана 1 жума жумурткалардын сакталышына байланыштуу. Бул кечигүү кымбатка турат жана чыныгы себебин аныктоого мүмкүн болбойт. Жумурткаларды жума сайын жарыкка текшерип, инкубациянын жараксыздарына мониторинг жүргүзүү эртерээк чара колдонууга түрткү берет. Инкубациядагы жараксыз жумурткаларга жүргүзүлгөн анализдин негизинде акыркы чечимди кабыл алууга мүмкүн эмес, бирок дагы изилдөөнүн пайдалуу куралы болуп бере алат.

Начар сапаттагы жумурткалардан же инкубациянын шартын бузганда түйүлдүктүн өлүмү ар кайсы жерден байкалат. Көпкө сакталган жумурткалардын арасында түйүлдүктүн өлүмү инкубациянын алгачкы күндөрү жогору болот, ал эми жумурткалардын ортосундагы биологиялык теңсиздиктен түйүлдүктөрдүн өлүмү инкубациянын ортосунда байкалат. Инкубациянын режимин өтө тез өзгөрткөндө инкубациянын жараксызы (отход) көбөйөт. Көйгөйлөрдү баалоодо жана анализдөөдө текшерүүнүн 3 түрү колдонулат.

1. Жаны инкубациялык жумурткаларды текшерүү
2. Өлгөн түйүлдүктөрдү аныктоо максатында 5 – 12 суткалык инкубациядагы жумурткаларды жарыкка кароо.
3. Инкубациянын жараксыздарын (отход) анализдөө.
Анализге алынган жумуртканын эн биринчи сырткы түзүлүшү, андан соң кабыгынын бүтүндүгү, аба көңдөйчөсүнүн жайгашышы бааланат.

Инкубациянын жараксыз (отход) жумурткаларын кандай ачабыз (соёбуз)?
Кабыгын мокок жагынан чагабыз., аба көңдөйүнөн үстүнөн ачабыз. Уруктангандыгын аныктайбыз, андан соң эмбриондун абалын бузбай туруп учтукуй (учтуу) жагын ачабыз. Абалын, жашын, өзгөрүүсүн жана өлүмгө алып келген бөлөк факторлорун аныктайбыз. Инкубациянын анализин жүргүзүп жатканда жөжөлөрдүн начар аз санда чыгуусун аныктоо максатында каттоо китепчесинин болушу милдеттүү шарт.

Китепчеге инкубаторго салынган жумурткалардын кайсы породадагы тооктун жумурткасы экендиги, кайсы ферманыкы, салынган күнү, колдонулган машина (инкубатор), жумуртка салынганы, уруктандырылган жумурткалардын саны, эрте мезгилде жараксыз болгон жумурткалар (0 – 7 кун), орто мезгилде жараксыз болгон жумурткалар (8 – 14 кун), кеч мезгилде жараксыз болгон эмбриондор 15 күндөн жогору, ар бир эмбриондун жашы, туура эмес жайгашкан эмбриондордун саны (19 күндөн жогору) , чириген жумурткалардын саны, сынган жумурткалардын саны, башкача бир белгилери (көлөмү, түзүлүшү, кабыгынын сапаты, тазалыгы), тирүү жөжөлөрдүн саны, өлгөн жөжөлөрдүн саны. Так жана ачык жазуулар инкубацияланган жумурткаларды анализдөөдө жакшы шарт түзөт.

Сайтка жарнама жайгаштыруу