Исаев Талантбек Кедейканович

Исаев Талантбек Кедейканович (19. 9. 1966-ж. туулган, Чүй облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айылы) – милициянын генерал-майору (2009). КМУнун тарых (1990) жана юридика факультетин (1994) бүткөн. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде саясий бөлүмдүн инструктору (199091), полкто рота командиринин орун басары (1991), улук инспектор (1993), рота командири (1993), кадрлар башкармалыгында инспектор (1995), Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында оперуполномочен, улук оперуполномочен (1996–97), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде полктун штаб начальниги (1997–2004), начальниктин орун басары (2004), полктун командири (2005), Коомдук коопсуздук башкармалыгынын начальниги (2007), Мамлекеттик адистешкен күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын начальниги (2008), Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары (2009–10) болуп эмгектенген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)