Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Исмаилов Асейин

Баш барак | Биографиялар | Исмаилов Асейин

(1937-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Барскон айылы) - филолог, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1989). КМУну бүтүргөн (1961). 1968—69-жылы КМУнун философия кафедрасында окутуучу, 1969—73-жылы СССР Илимдер Академиясынын философия институтунда аспирант. 1974—76-жылы Москвадагы Н. Э. Бауман атындагы Жогорку техникалык окуу жайында, ошол эле мезгилде Н. Э. Циалковский атындагы Москва авиациялык технологиялык интунда, 1976—85-жылы РСФСР эл агартуу министрлигинин улуттук мектептер илимий изилдөө институтунда (Москва) иштеген. 1978-81-жылы Монгол мамлекеттик университетинде (Улан-Батор) проф.-консультант. 1987жылдан КМУнун философия кафедрасынын башчысы, ошол эле убакта 1987—91-жылы СССР элге билим берүү мамлекеттик комитетинин жогорку мектебинин Жаштарга патриоттук жана интернационалдык тарбия берүүнүн диалектикасы” илимий изилдөө лабораториясынын башчысы. Анын изилдөөлөрү негизинен улуттар ортосундагы мамилелерге жана философиялык, социологиялык талдоонун объектиси катары турмуш тиричилик чөйрөсү менен өндүрүпггөн сырткары мамилелерди изилдөөгө арналган.

И. 170тен ашьпс илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография, анын 7си авторлош) автору.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 463, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо