Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Исмаилова Урумкан

Баш барак | Биографиялар | Исмаилова Урумкан

(1916-жылы туулган, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата ш.) - артист. Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1973). Эмгек жолун 1934-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист болуп баиггаган. Москвадагы В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтун бүтүргөн (1941). 1941—47-жылы кайрадан кыргыз драма театрында, 1947—51-жылы Ысык-Көл облустук ярама театрында. 1951-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген. И. ар кыл пландагы образдардын ички тереңдигине актёрдук анализ жүргүзүп ойногон актриса. Аткарган негизги ролдору: Жесси («Орус маселеси», К. Симонов), Шура («Егор Булычев», М. Горький), Лариса («Сепсиз кыз», айыл Толстой), Кардемия («Король Лир», У. Шекспир), Варвара («Добул», айыл Островский), Атаманша («Кар канышасы», Андерсен), Ира («Уядан учкандар», III. Бейшеналиев), Марта («Бир көчөнүн кыздары», К. Маликов), Айша («Жапалак Жатпасов», Р. Шүкүрбеков), Төрөкан («Өлбөстүн үрөнү», айыл Токомбаев), Бурул («Атанын тагдыры», Б. Жакиев), Эне («Унутулган адам», Н. Хикмет), Жер эне («Саманчы жолу», Ч. Айтматов), Ашрафкан («Махабат», айыл Осмонов) жана башкалар Киного да тартылган («Ак илбирстин тукуму», «Эрте жаздагы турналар» жана башкалар).

«Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган. 1982-жылдан пенсияда.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 484, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо