Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Истамбекова Жийдеш

Баш барак | Биографиялар | Истамбекова Жийдеш

(1923-жылы туулган, Ак-Суу району, Шапак айылы) - терапевт, медициналык илимдеринин доктору (1973). Кыргыз ССР эмгек сиңирген врачы (1973). КММИни бүтүргөн (1946). 1946—53-жылы Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарында врач, бөлүм башчы. 1953—56-жылы аспирант. 1956-жылдан КММИнин факультеттик терапия кафедрасында ассистент, 1964-жылы доцент. 1968—93-жылы кафедра башчысы. 1993-жылдан пенсияга чыгып, Казакстан мамлекеттик врачтардын билимин жогорулатуу институтунун директору. И. 100дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 1 монография) автору.

негизги эмгектери Кыргызстандын бийик тоолуу шартында өпкөнүн өнөкөт сезгенишинин өзгөчөлүктөрүн жана Жети-Өгүз курортунун минералдуу сууларынын жүрөк-кан тамыр системасына тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. СССР саламаттык сактоонун отличниги (1965). Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 460, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу