Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Истамбекова Жийдеш Ногойбаевна

Истамбекова Жийдеш Ногойбаевна (10. 5. 1923-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Шапак айылы) – терапевт, медицина илимдеринин доктору (1973), профессор (1974). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы (1973). КММИни бүтүргөн (1946). Талас шаарында участкалык врач (1947–51), Жалал-Абад обл. ооруканада терапия бөлүмүнүн башчысы (1951–53). 1961-жылдан КММИнин факультеттик терапия кафедрасынын профессор 80ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 1 окуу китеби бар. Негизги эмгектери Кыргызстандын бийик тоолуу шартында өпкөнүн өнөкөт сезгенишинин клиникалык-функциялык өзгөчөлүктөрүн жана бийик тоолуу Жети-Өгүз курортунун минералдуу сууларынын жүрөк-кан тамыр системасына тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. Эмгектери: Гипертоническая болезнь. Ф., 1968, Хроническая пневмония в горных условиях. Л., 1979, Актуальные вопросы пульмонологии. Б., 1990.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)