Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Япония

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Япония

Япония - күн чыгыш өлкөсү"Япония" - жеринин аянты - 337835 чарчы чакырым. Элинин саны - 127 млн адам (2016 жылкы стат). Жайгашканы боюнча азиянын Тынч океандын чыгышындагы аралдарда, чыгыш тарапта орун алган. Ошон үчүн аны байыркы убактан эле чыгыштын өлкөсү деп аташкан, япончо - Ниппон дешет.

Күн өлкөнүн желегинде тартылган, ал эми герби - алтын хризантема - күндүн символу. Мамлекеттин аралдары түндүктөн түштүккө карай созулуп жатат. Түндүгүндө, айрыкча Хоккайдо аралында кышында калың кар түшүп, суук келет, түштүк жагында Рюкю аралдарындагы климат азын-эсе тропиктик.

Өлкөдө банан, саго пальмалары өсөт. Климатынын нымдуулугуна карабастан, жалпысынан жылуу, аябай күнөстүү аймак. Аралдарынын аянтынын алтыдан беш бөлүгүн жыш токой каптаган асман тиреген, тик тоолору ээлейт. Эң бийик тоосу - өчкөн жанар - Фудзияма. Бул тоону япондор ыйык тоо катары эсептешет.

Японияда атылып туруучу жанарлуу тоолор, дарылык касиети болгон ысык булактар арбын. Жер титирөөлөр көп болуп турат. Калкы дээрлик бүтүндөй деңиз жээгин бойлогон топурактуу ичке ойдуң - тилкесинде жайгашкан. Шалы талаасы, мөмө бактары, чай плантациялары жыл сайын азайып, ордун дүркүрөп өсүп жаткан ири шаарлар ээлөөдө. Япониянын борбору Токио - дүйнө жүзүндөгү зор шаар. Анда 9,273,000 (2015) киши жашайт. "Япония" - орто кылымдардагы бүлгүндүү чабыштарга дуушар болбогон, андан кийин колониялык карандылыкка учурабаган Азиядагы жападан-жалгыз өлкө, индустриясы 19-кылымда катуу өсө баштаган. Азыр өнөрдүрүшү, дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда.

Өлкөдөгү калктын бештен төрт бөлүгү шаарларда жашашат. Жээк бойлой тизилген кеме токтоочу жайларга, заводдорго толгон шаарчалар биринин артынан бири жыйылат. Алардын чет-жакаларында сууга чөмүлгөн күрүч талаалары жапжашыл болушуп көзгө тартылат. Япониядагы айыл жерлеринде, тоолорунда, кээде шаарлардын автомобилдер үзгүлтүксүз жүргөн жолдорунан эки кадам аралыкта эски будда храмдарын, чакан, көбүнчө тыкан пландаштырылган көлмөлөрү, таштан жасалган шам чырактар орнотулган парктарды, княздардын сепилдерин, үстү самандан жабылган дыйкандардын шуштугуй үйлөрүн дагы деле көрүүгө болот. Япондордун турмуш-тиричилигинде европалыктардан өтө айырмаланган нечендеген өзгөчөлүктөрү бар. Япониялыктардын үйлөрүндө эмерек аз, полуна күрүчтөн алынган самандын чийрилгенинен бойро төшөлөт.

Бут кийимдерин босогого чечип коюшуп, бойронун үстүнөн байпакчан жүрүшөт, тамакты жерге олтуруп ичишет, төшөктөрүн полго салышып укташат, ошого байланыштуу полду таза кармашат. Япон искусствосу - живопись, куурчак театры да өзүнө тиешелүү бөтөнчөлүккө ээ. Япондуктар гүлдөн букет жасоого чебер келишет. Спорттун кээ бир түрлөрү дүйнөгө белгилүү, мисалы, дзю-до. Пайдалуу кендерге, жаратылыш ресурстарына болсо жардыраак, ошондуктан анын чарбасы тышкы соодага абдан көз каранды. "Япония" сырткы өлкөлөргө машиналарды, аппаратура, кездеме ж. у. с башка оор өнөр жай товарларын чыгарат, жыгач, дан жана башка сырьелорду алат.

Жапонияда императордун бийлиги Конституция менен чектелген. Иш жүзүндө өлкөнү император эмес, министрлер кабинети башкарат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 47706, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-03-08
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо