Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Йажуж жана мажуж

Йажуж жана мажуж (Гог жана магог) – Библияда жана Куранда айтылган уламыштык эл (уламыштык жарым жапайы этнос).

Иудейлердин, христиандардын жана мусулмандардын түшүнүгү боюнча йажуж менен мажуждар (иудейлерде גּוֹג וּמָגוֹג Гог жана Магог, арапча يَأْجُوج وَمَأْجُوج "йажуж ва мажуж) жапайы чалыш, канкор эл катары сүрөттөлөт. Йажуж жана мажуждарды Искендер Зулкарнайн (Александр Македондук) темир тоодон чеп куруп, бөлүп салгандыгы тууралуу уламыш бар.

Йажуж жана мажуждар кыргыздын "Манас" эпосунда күн чыгыштагы анжы ж-а манжы деген жапайы чалыш каардуу эл катары сүрөттөлгөн. Алардан кыргыздардын чыгыштагы душмандары калмак, кытайлар да сестенгендиги эпосто айтылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)