Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Йошкар-Ола шаар

Йошкар-Ола (Yoshkar-Ola) шаары – Орусиянын Мары Эл жумуриятынын ордо шаары. Калкы – 248,700 (2010-жылкы болжолдуу эсеп). Маскөөдөн 862 чакырымдай чыгышта жайгашкан.

"Йошкар-Ола" сөзү мары тилинде "кызыл шаар" дегенди туюнтат. Мары эли – фин-угор тилинде сүйлөгөн калктардын бири. Шаарды орустар мурда "Царёвококшайск" деп да аташкан. 1919-жылы анын аталышын болшевиктер "Краснококшайск" деп өзөртүшкөн. Шаарды аралап аккан Кичи Кокшага (Малая Кокшага) дарыясынын аталышы, демек, мурдагы эки аталышка өзөк болгон. Бул дарыя Эдил (Волга) дарыясына куят.

Шаар 1584-жылы падыша Федор Иоаннович тарабынан Волга-Вят аймактарынын коопсуздугун камсыздоо максатындагы аскердик чыңдалган жай катары негизделген. Пост-советтик доордо мурдагы бир катар өнөр жай ишканалары токтотулуп, жумушсуздук көйүп, кыйла адистер башка шаарларга көчүп кеткени маалымдалып келет. Шаар башка орусиялык чөлкөмдөр менен темир жол жана автожол аркылуу байланышкан. Шаардан 9 чакырымдай түндүктө Йошкар-Ола аба майданы жайгашкан. Шаарда Мары Мамлекеттик Университети жана башка университеттер бар. 1984-жылы шаар Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1990-жылдан тартып бул шаар Орусиянын тарыхый шаарларынын тизмесине киргизилген.

Йошкар-Ола шаарынын калкынын 68 пайыздайын орустар түзөт. Мары эли – 24 пайыз, татарлар – 4,3 пайыз. Алардан башка чуваш, удмурт, мордва, украин жана башка этностордун өкүлдөрү байырлашат.

Шаар континенталдык климат алкагында жайгашкан. Кышы – узак жана суук келет. Орточо даражасы – Целсий менен 18 даража (градус) суук. Жайы – мелүүн (орточо 22 – жана 24 даража жылуу).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)