Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Каимов Касым

Баш барак | Биографиялар | Каимов Касым

Каимов КасымЖазуучу, сатирачы Касым Каимов Талас районуна караштуу Арал айыл Өкмөтүнүн «Коммунизм» колхозунда 1926-жылы туулган. 1943-жылы Пржевальскидеги педагогикалык институтуна кирип, ден-соолугуна байланыштуу окуусун токтотуп бир топ аңгемелерди, очерктерди жазып, гезит-журналдарга жарыялайт.

1953-1956-жылдары «Жаш ленинчи» журналында жана «Кыргызстан пионери» гезитинде бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактор, 1956–1972-жылдары «Чалкан» журналынын редактору, «Ала-Тоо» журналынын редактору, «Кыргызфильм» киностудиясында башкы редактор, «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын башкы редактору, 1972-жылдын март айынан Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы, 1979–1987-жылдары Талас облустук Жазуучулар бирикмесинин адабий консультанты болгон. Анын биринчи чыгармалары райондук гезитте жарыялана баштайт.

1953-жылы «Ала-Тоо» журналында жаш автордун «Теке сүзгөндө» деген сатиралык аңгемесинин жарыяланышы адабий коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган. 1955-жылы автордун сатиралык аңгемелери «Соңку жолугушуу» деген ат менен өзүнчө китеп болуп чыгат. Жазуучунун «Атай» романы Москвада «Советский писатель» басмасы тарабынан 1968-жылы орус тилине, 1973-жылы Алма-Атада казак тилине которулуп басылган. «Касым Каимов» 1955-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1976-жылы «Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам алган.

Кыргыз адабиятынын өнүгүшүндөгү эмгеги үчүн «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган. 1969-1978-жылдары Фрунзе шаардык советине эл депутат болуп шайланган. 1989-жылы дүйнөдөн кайткан. “Касым Каимов” кыргыз адабиятынын жаркын сатирик устаттарынын бири болгон. Анын чыгармачыл жолундагы олуттуу иштеринин бири болуп 1961-жылы чыккан “Атай” романы болгон.

Анын бул чыгармасы атактуу ырчы жана комузчу Атай Огомбаевге арналган. "Жигит жашоого кирди", "Бокендин кайгылуу даңкы", "Балалыктын соңку жайы" жана "Кышкы мотивдер" повесттеринде "Касым Каимов" бакыт, сүйүү, берилгендик, абийир, ар-намыс жана кадимки адамдардын мамилелери жөнүндө жазган. Касым Каимов 1989-жылы каза болгон.

Каимовдун чыгармаларынан алынган цитаталар:

-"Ар бирибиздин ички дүйнөбүз, ички сырларыбыз бар, жана алар жөнүндө сурабай эле койгон оң..."

-“Сүйүү сөздөрүн бүгүн бирөөнө, эртең экинчисине айтуу - жигитке эмес жаш балага татыбаган шерменделүү эки жүздүүлүк эмеспи?”

Кыргыз тилинде жарык көргөн китептери

Соңку жолугушуу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 139 б.

Адашуу: – Ф.:, Кыргызмамбас, 1957. – 150 б.

Мектеп жолунда. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 74 б.

Атай: Роман. – Ф.:, Кыргызмамбас, 1961. – 568 б.

Талаа жылдызы – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 176 б.

Бири-бирине окшобогон күндөр. – Ф.: Мектеп, 1968. – 164 б.

Атай. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 351 б.

Достук сапарлары. – Ф.: Мектеп, 1970. – 135 б. (К. Укаев жана Н. Ялымов менен бирге.)

Кыш ыргактары. – Ф.: Мектеп, 1973. – 230 б.

Белгилүү эркек. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 200 б.

Ийри жылан: Повесттер менен аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 267 б.

Атай: Роман, повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 400 б.

Акырын күтпө: Роман, повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 411 б.

Тандалмалар: Роман, повесть, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1989. – 512 б.

Орус тилинде

Ночь на перевале: Рассказы и повесть. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 211 с.

Крылатые друзья: Рассказ. – Ф.: Киргизгосиздат, 1961. – 29 с.

Ночь на перевале. – М.: Сов. писатель, 1962. – 216 с.

Атай. – М.: Сов. писатель, 1968. – 384 с.

Степная звезда: Повесть и рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 120 с.

Зимние мотивы: Повести. – М.: Сов. писатель, 1977. – 320 с.

Атай. – М.: Сов. писатель, 1981. – 352 с.

Жажда: Повести и рассказы. – М.: Сов. писатель, 1985. – 287 с.

Башка элдердин тилдеринде

Атай. – Алма-Ата, «Жазушы», 1973. – 333 б. – каз.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 14037, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу