Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кайыңды Кемин району

Кайыңды, Кемин району – Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Көк-Ойрок айыл округунун борбору. Чоң Кемин өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жанатемир жол бекети Кемин шаарчасынан 60 км чыгыш тарапта. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1446 (2007), негизинен картөшкө өстүрүшөт жана мал багышат. Орто мектеп, китепкана бар. Кыштакта белгилүү акын Ысак Шайбек уулу, кыргыз эл акыны А. Токомбаев, Кыргыз Республикасынын Уулуттук Илимдер Академиясынын академиктери М. Иманалиев, С. Б. Данияров туулган жана залкар комузчу Муратаалы жашаган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)