Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кайып

Баш барак | Адабият | Кайып

Кыргыз мифтик түшүнүктөрүндө "кайып" же "кайып болуу" жөнүндөгү элестетүү баяндары арбын кезигет. Кыргыз мифтеринен карасак, кайыпчынын Кара Tоо, кайыпчынын Кара-Үңкүр деген чөлкөмдөрдүн наристе элестерин кезиктиребиз.

Анда баяндарда айтылышынча “кайып болуу”, “Кайыптан бүтүү” бүткүлдөй ошол чөлкөмдө болот экен. “Кайыптан бүтүү” дегенде, ошол “кайыпчынын Кара-Тоо же үңкүрүнөн” бир кайып күч чыгып белгилүү ургаачы затка насилденет. (Адам, же жылкыга көбүнчө айтылат), ошону менен “кайыптан туулат” деп айтылат.



Мисалы үчүн айтсак, “Манас” баатырдын аты Аккуланын энеси “Кызыл чаар бээ” жөн үйүрдөгү айгырлардан токтобойт, ал жети жылда бир ирээттен жоголуп кетип (кайыпчы тоосуна кетип) кайыптан токтоп келет экен. Ошого, Аккула, Кылкара сыяктуу аттар “кайыптан бүткөн жылкылар” деп айтылат. Кайыптан бүткөн аттар “алтайлык жолго минсе, селт этип чөп жебей, кылт этип суу ичпей” чыдай берген.



Ошол сыңары кайыптан бүткөн нерселер, заттар кыргыз мифтеринде көп айтылат. "Кайып" же “кайып болуу” деген сөз кыргыз мифтеринде кайыпчынын тоосуна, үңкүрүнө” кирип кетти, деген мааниде баяндалат. Айтмак, “кайып кыргыз мифтеринде кереметтүү күч, нерсе “катары элестелип, анда кандайдыр бир “кереметтүү күч” болорун, ал эч кандай сырткары күчтүн жардамсыз эле көзгө көрүнбөй кетүүсүнө баштапкы адамдар чын бүтүшкөн. “Кайып” жөнүндөгү мифтик түшүнүк наристе көркөм элес болуп, адамдар өлүмдөн чыныгы себептерин, анын мыйзамдуулугун чечмөлөөгө дареметтери жетпей, камкорчу баатырларынын, ыйык жандуулардын өлүмүн наристе элестетип, мифтик тааным боюнча түшүндүрүүнүн аракетинде болгон.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 3586, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо