Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Какырык чыгаруучу дарылар

Какырык чыгаруучу дарылар — жөтөлгөндө какырыктын чыгышын жеңилдетүүчү дары заттар. К. ч. д. бронхтун былжыр челиндеги бездин иштешин күчөтүп, какырыкты суюлтат, ошондон улам какырык оңой бөлүнөт. К. ч. д-дын кыйыр жана түздөн-түз таасир этүүчү түрү белгилүү. Түздөн түз таасир этүүчү түрүнө тамакты чайкаганда, буусу менен дем алганда бронхтун былжыр челине түздөн-түз таасир этет. К. ч. д-дын бул тобуна ичүүчү сода (какырыктын илээшкектигин азайтат), терпингидрат жана кээ бир эфир майы кирет. Аларды ингаляция түрүндө колдонуу же ичүү сунуш кылынат. Кыйыр таасир берүүчү К. ч. д-ды ичкенде карындын сезгич нерв учтарына таасир этип, бронхтун былжыр челин рефлекстик дүүлүктүрөт.

Аларга дары өсүмдүктөрүнөн жасалган дарылар кирип, көп өлчөмдө ичкенде оорулуу кусат. Өзгөчө жаш балдар көтөрө албайт. Ошондуктан врачтын көрсөтмөсүз балдарга берүүгө болбойт. Жаш балдарга К. ч. д. катары кустургуч таасири жок дарылар сунуш кылынат. К. ч. д. көбүнчө какырык чыкпай жөтөлткөн өпкө ооруларында (бронхит, өпкөнүн сезгениши) берилет. Башка оорунун (мисалы, өпкөнүн кан айлануусу бузулушунда) кесепетинен жөтөлсө бул дарылардын таасири аз. Андыктан негизги оорунун себебин таап дарылоо жүргүзүү зарыл. Өз алдынча дарылануу көбүнчө оорунун кабылдап кетишине алып келет. Мисалы, түздөн-түз таасир этүүчү каражаттарды өз алдынча, врачтын көзөмөлүсүз пайдалануу өпкөнүн өнөкөт оорусун (мисалы, туберкулёз) күчөтөт, кыйыр таасир этүүчү түрүн ашкере пайдалануудан адам кусат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)