Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Калп айтуу эмнеге алып келет?

Баш барак | Жомок уламыштар | Калп айтуу эмнеге алып келет?

Илгери бир Жумаалы деген калпычы болуптур. Ал калп айтканды онор кылып алган экен. Калп айтмайынча тура алчу эмес имиш. Бир куну тун ортосунда эл кызуу уйкуда жатканда эшикке чыгып, унунун баардыгынча: - Малга карышкыр тийди! Эл-журт, жардамга! - деп кыйкырат.

Элдин баары ойгонуп туш-туштан жабыла чуркап келишет. Бирок баардыгы тынч, эч кандай карышкыр корунбойт. Жумаалы калп айтып элди алдаганына жыргап, боору эзилип кулот. Элдер Жумаалыны «кок мээ, келесоо десе» деп тилдешип уйлоруно кайтышат. Кундордун биринде Жумаалы дагы тун ортосунда туруп алып азан-казан тушуп: - Ой, эл-журт, сактангыла, тоодон сел агып келе жатат. Олдук эле олдууук! - деп кыйкырат. Уройу учкан эл бала-чакасын шашып-ушуп, чалынып-жыгылып отуруп, сыртка чыга баштайт, корсо баягы иленди дагы калп айтыптыр.

Эч кандай сел каптабай эле экен. Жумаалы болсо элди алдаганына кубанып, ыкшып кулуп отуруптур. Жумаалынын бул жоругуна жини келген эл аны сабамакчы болушат. Ошондо эл ичинен бир аксакал чыгып: - Келесону жайына койгула. Бир куну калпынын азабын озу тартат - дешет. Арадан коп кундор отот. Тун ичинде капыстан Жумаалынын уйу орттонот. Эптеп сыртка качып чыгышат. Жумаалынын жаналы калбай: - Ой, эл-журт, жардам бергиле!

Уйум орттонуп жатат. Олуп кетейин, чын эле чатырап орттонуп жатат, - деп нары бери чыйпылыктап элди чакырат. «Баягы калпычы, дагы калп айтып атат», деп бир жан чыкпай коет. Эртеси элдер ойгонуп туруп карашса, чын эле уйу орттонуп дубалы эле калыптыр. Жумаалы уй-булосу менен ыйлап отурушат. Элдер Жумаалыга жардам берип, орттонгон уйун ондоп коюшат. Жумаалы байкуш болуп, элге ыраазылыгын айтат. Ошондон кийин Жумаалы тап-такыр калп айтпай калган дешет.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 2472, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу